Кабар жана жарыялар

Министр А.Жаманкуловго долбоордун CD форматы тапшырылды

Министр А.Жаманкуловго долбоордун CD форматы тапшырылды

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медиа борбору MEDIAMANASтын мүдүрү Бүлент Намал “Мен Айтматовду окуйм” долбоорунун СD форматын КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго тапшырды.

“Мен Айтматовду окуйм” долбоору улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган иш-чаралардын негизинде уюштурулган. Ага университеттин жетекчилери, чыгармачыл адамдар, мугалимдер, студенттер жана министр Азамат Жаманкулов да катышкан. Катышуучулар жазуучунун чыгармаларынан кыргыз, түрк, уйгур, монгол, орус, корей, англис, немис жана француз тилдеринде бир мүнөттүк үзүндү окушкан.

Эске салсак, бул иш-чара өткөн жылдын ноябрь айында башталып, декабрь айында жыйынтыкталган.

Медиа Манас