Кабар жана жарыялар

Улуттук мурастар боюнча интеллектуалдык оюндар уланууда

Студенттер арасында улуттук мурастар боюнча интеллектуалдык оюндар уланып жатат.

Үстүбүздѳгү жылдын 20-февралында КТМУда «Өлкөлөрдүн улуттук мурастары» аттуу интеллектуалдык оюндар сериясынын 2-оюну, «Тажикстандын улуттук мурастары» деген темада өттү. Оюн Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Бишкек шаарындагы ЖОЖдордон түзүлгѳн командалар арасында жүргүзүлдү.

Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан, улуттар аралык достук жана ынтымакты бекемдөө, боордош өлкөлөрдүн маданий баалуулуктары менен жакындан таанышуу максатында уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында КТМУнун таанытуу тасмасы коюлуп, андан соң окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы сѳз сүйлөдү. Анда ректор КТМУнун эшиги башка окуу жайдын студенттери үчүн да ар дайым ачык экендигин билдирип, иш-чаранын башкы максаты - ортодогу достукту чыңдоо жана маданий мурастарыбызды баалоо деди. 

 Ал эми Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Ориф Расулов уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ушундай иш-чаралардын негизинде ынтымакты чыңдоого болоорун белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Калыстар тобу 3 адамдан турду, алар: калыстар тобунун төрайымы, тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу Роза Абдыгулова, КТМУнун студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова жана элчиликтин ѳкүлү болушту.

Оюн 2 тур менен ѳттү. 1-тур командалык таймаш жана 2-турда мыкты оюнчуну тандоо болду. Жыйынтыгында 9 университеттин арасынан 1-орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин командасы багындырышты. 2-орунду К.Карасаев атындагы БГУнун  командасы, ал эми 3-орунга И.Арабаев атындагы КМУнун командасы ээ болушту. Мыкты оюнчу наамы Мухаммед Ахмаджановго ыйгарылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргѳ грамота жана белектер тапшырылды.

Медиа Манас