Кабар жана жарыялар

Аялдардын илимдеги ордун кѳрсѳткѳн тасма көрсөтүлдү

"Жашыруун фигуралар" аттуу кинотасма көрсөтүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында КТМУнун коммуникация факультетинин кино залында Американын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан “Жашыруун фигуралар” аттуу фильм көрсөтүлдү. Иш-чара эл аралык аялдар жана кыздар күнүнө карата даярдалып, ага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын жубайы Василики Фырат, Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев “Американын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн 1960-жылдарда болуп өткөн окуяны баяндаган тасманы тартуулаганы турат. Бул кинонун максаты айымдардын технологияга болгон кызыгуусун арттыруу. Ал эми, Кыргызстанда аялдардын кызыгуусу дээрлик жогору эле деп ойлойм. Биздин кыздарыбыз билим, технология жаатында эле эмес, башкаруу тармагында да ийгиликтүү деп айтсам жанылышпайм. Биздин студенттер кино тартып АКШдагы конкурстарга да катышып жүрүшөт», - деди.

Андан кийин Американын элчиси Дональд Лугага сөз берилди. Ал: “Бул кинодо технология тармагында иштеген ийгиликтүү аялдардын окуясы баяндалат. Фильм  сиздерге жагат деген терең ишеничтемин”, - деди.

Ал эми Василики айым аялдардын коомдогу ордуна токтолуп, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин "Жашыруун фигуралар" тасмасы кѳрсѳтүлдү.

Белгилей кетсек, "Жашыруун фигуралар" - 2016-жылы Теодор Мелфи тарткан америкалык биографиялык драма. Тасма НАСАда иштеген афро-америкалык эки математик аял жөнүндө баяндалат.

Тасма Киносынсыларынын Улуттук Кеңешинде 2016-жылдын эң мыкты он тасмасынын бири деп табылып, көптөгөн сыйлыктарды алган. Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты сценарий" жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" сыйлыктарына татыган жана эки "Алтын Глобус" сыйлыгын да "Мыкты экинчи пландагы актриса" жана "Мыкты музыка") утуп алган. Тасма "Гильдия" киноактерлор сыйлыгында "Motion Picture" кастинги "Мыкты аткаруу" наамын алган.

Медиа Манас