Кабар жана жарыялар

«Алтын көпүрө» интеллектуалдык таймаш ѳттү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Алтын көпүрө» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Конкурс үстүбүздөгү жылдын 1-мартында Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо бөлүмүндө түрк тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн уюштурулган.

«Түрк тили», «Түркия», «Түрк маданияты», «Түрк дүйнөсү» жана «Жалпы маданият» категорияларынан 17 суроо түзүлгөн. Ар бир группадан үч студент катышып жалпы 41 команда оюн көрсөттү.

Таймаш тууралуу Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары, ага окутуучу Мухиттин Гүмүш мындай деди: «Университетте 1997-жылдан бери түрк тили үйрөтүлүп келе жатат. Бирок бул конкурс студенттер арасында биринчи жолу уюштурулуп жатат. Студенттер бир гана тил үйрөнүү менен чектелбестен, ошол элдин маданияты, тарыхы сыяктуу жалпы маалыматка ээ болуусу керек».

Таймаштын биринчи бөлүгүндө 75 упайдан жогору алган командалар 19-апрелде ѳтѳ турган экинчи оюнга жолдомо алды. Экинчи оюнда жети команда тандалып алынат жана финалга катышуу укугуна ээ болот. Финал 13-май күнү  КТМУнун Маданият борборунда ѳтмѳкчү.

Медиа Манас