Кабар жана жарыялар

КТМУ аймактарда таанытылды

“Аймактарда таанытуу” иш-чарасынын ыктыярчылары отчет тапшырышты.

Үстүбүздөгү жылдын 23-февралында КТМУнун ректораттын жыйындар залында таанытуу кординаторлугу, студенттик иштер боюнча башкармалыгы жана студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган “Аймактарда танытуу” иш-чарасынын жыйынтыктоочу жыйыны болуп, анда иш-чарага катышкан ыктыярчы студенттер отчет тапшырышты. Ага  университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, мугалимдер жана студенттер катышты.

Жыйында биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалады. Ал: “Окуу жайыбыз жана өзүңүздөр үчүн абдан пайдалуу иш жасадыңыздар. Өз ыктыярыңыздар менен аймактарды кыдырып, абидуриеттерге окуу жайыбыз жөнүндө маалымат берүү менен тажрайба  топтой алдыңыздар деп ойлойм. Кыйынчылыктарга карабай иш-чарага катышып бергениңиздерге рахмат айтам. Бул иш-чара мындан ары да уланмакчы”, - деди.

“Аймактарда таанытуу” иш-чарасына ыктыярчы студенттер тартылып, алар Кыргызстандын 7 облусундагы 321 мектепти кыдырып, 12.188 мектеп бүтүрүүчүлөрүнө КТМУ жөнүндө кеңири маалымат берип кайтышкан. 

MEDIA MANAS