Кабар жана жарыялар

Изилдөө: Кыргызстан жаңгак токойлорунун жогорку рыноктук потенциалын пайдалана албай жатат

Кыргызстандын, Чехиянын жана Германиянын университеттеринин окумуштууларынан турган эл аралык топ Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак токойлорунда көптөгөн экологиялык, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө көмөк берчү чоң мүмкүнчүлүктөр катылып жатканын күбөлөндүргөн изилдөөнүн натыйжасын  сунуш кылышты. Мындай маалыматтар 2019-жылдын 19-февралынан 22-февралына чейин Бишкекте өткөн эксперттик жолугушууда билдирилген.

Германиянын демилгеси боюнча Германиянын Федералдык билим берүү жана илимий изилдөө министрлигинин колдоосунда 2017-жылдан бери ишке ашырылып келаткан «Кыргызстандын жаңгак-жемиш токойлорунда өсүмдүктөрдүн аз пайдаланылчу түрлөрүнүн азыктык потенциалын  анализдөө жана туруктуу колдонуу» (SUSWALFOOD) изилдөө долбоорунун консорциумуна Германиянын Рейн-Вааль жана Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университеттери мененЧехиянын Табигый илимдер университетинен (CULS) окумуштуулар кирген. Кыргызстандан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин жана КР УИАнын Жаңгак өстүрүү жана мөмө-өсүмдүктөр институтунун изилдөөчүлөрү катышкан.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин изилдөөчүлөрүнөн турган жумушчу топтун максаты – жалаң гана жаңгактардын эмес,токой мөмө-жемиштерининда азыктык баалуулукка ээ экендигин,жергиликтүү калк үчүн экономикалык пайда алып келе тургандыгын көрсөтүү жана далилдөө. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин изилдөөчүлөрүнөн турган топ Арсланбабдын жана Кызыл-Үңкүрдүн жапайы жаңгак-жемиш токоюнда өскөн мөмө-жемиштердин азыктык потенциалын жана аларды колдонуунун ар түрдүү аспектилерин изилдеп чыгып, бул ресурстарга жергиликтүү керектөөчүлөр да, бизнес өкүлдөрү да тийиштүү көңүл бурбай жатышат деген жыйынтык чыгарышты. Мындан сырткары жергиликтүү калк өздөрү үчүн андан чоң деле пайда көрбөй тургандыктан, реликтилик жаңгак токойлорун сактап калууга анчейин кызыкдар эмес. Ушундан улам “жаңгак-мөмө токою” олуттуу маселеси орун алган. Изилдөөнүн жыйынтыктары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүдө жана ар түрдүү демилгелерди жана бизнес долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ал багыт берген кызматты аткарышы мүмкүн.

Эмне үчүн Германия бул теманы изилдөөгө кызыкдар болууда? Бул суроого эки жооп бар: экологиялык жана рыноктук. Германиянын өнөктөш өлкөлөрүндө дүйнөлүк био ар түрдүүлүк үчүн зор мааниге ээ экологиялык көйгөйлөрдү анализдөөгө жана чечүү жолдорун табууга, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкта колдонулбай келаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө немец бизнесмендеринин көңүлүн бурууга багытталган. Буга мисал келтирсек, изилдөө консорциумунун эки мүчөсү: Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Рейн-Вааль прикладдык университети Арсланбаб жаңгак токоюнан жети жапайы өсүмдүктү жана мөмөлөрдү колдонуу менен сегиз тамак-аш азыгын өндүрүүнүн технологиясын иштеп чыгышкан. Жапайы алычадан жасалган кетчуп жана мөмө-жемиштен жасалган энергия берүүчү шоколад өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Эгерде жапайы өскөн сырьелор үчүн улуттук стандарттын жоктугу жана сертификат алуу кыйынчылыгы сыяктуу тоскоолдуктар жеңилсе, анда токой продукцияларын ички рынокко жана экспортко чыгаруу үчүн маркетинг келечеги пайда болот.

Кыргызстанда уникалдуу реликтик жаңгак токоюн түбөлүк жоготуп алуу чыныгы коркунучу бар, анткени жаш дарактар менен калыбына келтирүү мүмкүн эмес карт дарактуу токойлордун аянты өсүүдө.  Жолугушууда эксперттер белгилешкендей, жаңгак токойлорун калыбына келтирүү коэффициенти болгону 5%ды түзгөнү токойлорду калыбына келтирүү иштери жетишерлик көлөмдө жүргүзүлбөй жатканын көрсөтүп турат. Жергиликтүү калк көбүнчө жаңгактарды чогултуу жана  сатуу менен гана алектенип, токойдо жаңгак дарактарынын көчөттөрүн отургузууга кызыгышпайт, себеби бул үчүн кызыкдар кылган шарт түзүлгөн эмес. Изилдөөчүлөр экономикалык ишкердүүлүк үчүн жаңы багыттарды өнүктүрүү жаңгак дарактарынын жүгүн азайтууга жана экологиялык тобокелчилик коркунучун төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Медиа Манас