Кабар жана жарыялар

Аялдардын Эл аралык күнү белгиленди

8-март - Айымдардын Эл аралык майрамы. 

2019-жылдын 7-мартында К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында «8-Март Бүткүл Дүйнөлүк Эл аралык Аялдар күнүнө» арналган куттуктоо концерти болуп өттү.

Майрамдык кечеге университет жетекчилери жана жалпы окуу жайдын айымдары катышты.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

«Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык аялдар майрамы менен чын жүрѳктѳн куттуктайм! Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Учурда 8-март - дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. 

Аялзатынын эң кымбат, баарынан асыл, ыйык  милдети-улуу табигат тартуулаган энелик милдет болгондуктан,  аялдарга дүйнө жүзүндө жашаган бүткүл адамзат баш ийип, тизе бүгүп, колун бооруна алып, таазим кылууга милдеттүү.

Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан Пайгамбарыбыз "Бейиш-эненин таман алдында" деп аялдардын балдары үчүн тарткан түмөн-түйшүгүн белгилеп, аларды сыйлоого милдеттендирген. Ар дайым жүзүңүздѳрдѳн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм», -деди.

Андан кийин окуу жайдын Биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев аялзатысыз жашоо кѳрксүз экенин баса белгилеп:

«Аялзаты жөнүндө эң жакшы сөздөрдү айтып түгөтүү мүмкүн эмес. Аялзатынын сулуулугу бардык элдерде руханий дүйнөнүн азыгы болгон адабий, музыка жана сүрөт чыгармаларын жаратууга шык берген, эргүү берген. Элибизде дагы эң мыкты чыгармалар сиздерге, сиздердей болгон элибиздин сулууларына, балдарына мээримин төккөн энелерге арналган. 

Азыркы коомдун өнүгүүсүндө аялдардын орду чоң. Өлкө жүгүн мойнуна алган мырзалар менен тең катарлаш келе жатканына мезгил күбө. Сиздер университетибиздин ѳнүгүп-ѳнүгүүсүнѳ эбегейсиз салым кошуудасыздар. Ушунуңуздардан жазбай ар дайым мырзаларга дем-күч берип жүрѳ бериңиздер.

Жалпыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм жана чын ден соолук, бакубат жашоо каалайм», - деген куттуктоо сөзүн айтты.

Университет жетекчилери куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин айымдарга гүл тартуулап, концерттик программаны ачып беришти.

Кече кѳркѳм ѳнѳр факультети тарабынан даярдалган майрамдык концерт менен соңуна чыкты.

 

MEDIA MANAS