Кабар жана жарыялар

Түркиянын Билим берүү министрлигинин делегациясы «Манас» университетинде

Мустафа Сафран мырза баштаган делегация мүчѳлѳрү  КТМУда.

2019-жылдын 14-мартында КТМУнун жыйындар залында Түркия мамлекетинин  Билим берүү министрлигинин жетекчилигинин өкүлдөрүнүн жана университеттин  жетекчилигинин катышуусунда жыйын болуп ɵттү.

Жыйынга ТРнын Билим берүү министринин орун басары Мустафа Сафран, Жогорку билим берүү жана чет өлкөдөгү билим берүү департаментинин мүдүрү Юсуф Бүйүк, Европа биримдиги жана тышкы байланыштар мүдүрлүгүнүн башкы мүдүрү Буржу Эйисой Далкыран, Европа биримдиги жана тышкы байланыштар департаментинин төрагасы Биннур Узун, Таалим тарбия уюмунун мүчөсү Топер Акбаба, ЕБ жана тышкы байланыштар мүдүрлүгүнүн билим берүү боюнча адиси Эндер Эрескижи жана университеттин жетекчилери, ошондой эле ТР Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жана жубайы Василики Фырат, Элчинин кеңешчилери, Түндүк Кипр ТР Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин, ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Али Муслу да катышты.

Жыйын университеттин таанытуу жана көчмөндөр оюндарынын тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды.

Жыйынды  КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы ачып, жолугушуунун негизги максаттары менен тааныштырган соң, университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Ал ɵз сɵзүндɵ соңку 10 жыл ичинде КТМУ билим берүү деңгээлин кыйла бийиктикке жогорулатып, бул багытта эл аралык маркага ээ болуууга олуттуу кадамдар ташталганын айтты. Ошону менен бирге улуттук жана дүйнѳлүк баалуулуктарга ээ жаштарды тарбиялап, учурда окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү дүйнѳнүн 33 мамлекетинде ийгиликтүү иштеп жатышкандыгы жана университет билим берүү жаатында Кыргызстанда  биринчи, ал эми Орто Азия борборунда алгачкы бештикке кирген ЖОЖдордун катарында экенин билдирди.

Делегациясынын башчысы, Түркиянын Билим берүү министринин орун басары Мустафа Сафран “Манас” университети эки ѳлкѳнүн достук мамилесинин бекемделишине эбегейсиз чоң салым кошуп келе жатканын баса белгиледи. Ал: “Дүйнѳлүк илимге салым кошкон эл аралык деңгээлдеги абройлуу жана белгилүү “Манас” университети болуу жолун тандап алган университет 23 жылдын ичинде алдыга койгон максаттарынын кѳпчүлүк бѳлүгүн аткарды десем жаңылышпайм. Окуу жайдын билим берүү жана илимдеги жетишкендиктери бизди абдан кубандырат. Ушундай даражага жеткирген окуу жайдын тажрыйбалуу, дасыккан окутуучулук курамына, университеттин жетекчилигине, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан ыраазычылык билдирем. Албетте, бул жогорку ийгиликтер тынымсыз эмгектенүүнүн, өз ишин мыкты билген адистердин аркасында жаралды.

Түркия Республикасы ар тараптан колдоп, социалдык жактан ѳнүгүүнү камсыз кылууда. Билим берүү борборлорунун негизги кызматы социалдашууну ишке ашыруу. Ошондуктан «Манас» университети Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Университеттин өнүгүшүнө салым кошкон бардык адамдарга министрликтин атынан дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем. Бекем ден соолук каалайм, мээнетиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр. Буюрса баарыбыз ийгиликке жетебиз”, - деди.

Окуу жайдын проректору, профессор Анварбек Мокеев: «Университеттин миссиясы – бул эки өлкөнүн ортосунда “алтын көпүрө” болуу. Ѳз убагында Кыргызстан эгемендүүлүккѳ ээ болгон учурунда Түркия алгачкылардан болуп колуп сунуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин биргелешип ачты. Түркия Республикасынын колдоосу менен “Манас” университетинин курулушу  Кыргызстан жана жалпы кыргыз эли үчүн чоң мааниге ээ. Кыргызстан - түрк цивилизациясынын очогу жана алгачкы түрк мамлекеттеринин бешиги, тарыхый жана маданий мурастардын казынасы. Улуу Жибек жолунда жайгашкан бул аймак Огуз хандын өлкөсү деп эсептелет. Ошол себептен «Манас» университетинин бул жерде ачылгандыгы туура чечим. Мындан кийин да окуу жайдын максатын ишке ашырууну, абройлуу университет статусун жогорулатуу принцибин карманып, эки ѳлкѳнүн достугунун бекемделишине салым кошуп, ишибизди уланта беребиз», - деди.

 Жыйын кѳркѳм ѳнѳр факультети тарабынан даярдалган концерттик программа жана кечки сый тамак үстүндѳ пикирлешүү менен соңуна чыкты.

MEDIA MANAS