Кабар жана жарыялар

Монголиянын маданий күнү белгиленди

КТМУда Монголиянын маданий күнү ѳттү.

Үстүбүздѳгү жылдын 1-мартында университетте Монголиянын маданий күнү белгиленди. Иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана жана Монголия Республикасынын элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулду. Ага элчинин орун басары Энкбад Сандаг, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чарада монгол адабиятынын классиктеринин китептеринин, улуттук кийимдер жана тамак-аштарынын көргөзмөсү коюлган.

Иш чаранын ачылышында ректор, профессор Себахаттин Балжы: “Борбор Азияда боордош өлкөлөрүбүзгө кызмат кылып келе жаткан Манас университетинде 14 өлкөдѳн 22 улуттун жаштары билим алышууда. Биз ар дайым Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикстан, Түркменстан, Монголия деги эле Орто Азия мамлекетининдеги бир туугандарыбыздын тынчтыкта, достукта, жакшы жашоодо жашашы үчүн кызмат кыла бермекчибиз. Эң негизгиси, адамзатынын өсүшү жана ортобуздагы ынтымак жана достуктун бекем болушу.

Биздин ѳткѳн тарыхыбыз бир, орток жана маданиятыбызда, салтыбызда окшоштуктар арбын. Түрктөр үчүн легендага айланган айтылуу Өтүкен жана Каракурум Монголияда жайгашкан. Бир кез Анварбек агай экөөбүз Каракурумга барып, ыйык Орхон дарыясынын суусуна жүзүбүздү жууп зыярат кылып келгенбиз. Ошондо биз өзүбүздү ата журтубузда жүргөндөй эле сездик. Монгол эли бизди кичи пейил, маданиятуу жана боорукерлиги менен таң калтырды. 3 млн. элинин дээрлик бардыгы билимдүү. ЖОЖдору иреттүү, таза жана жаңы технологиялар менен жабдылган экен. Биз Монголиянын Улуттук университети жана Айыл чарба университети менен келишим түзгѳбүз. Монголия менен кызматташууга кызыкдарбыз. Менимче, биздин кызматташуубуз мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деген ишенимдебиз. Монголиянын маданият күнү куттуу болсун”, - деген куттуктоо сѳзүн айтты.

Андан кийин Монголиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Энкбат Сандаг: «бул окуу жайда жаштар ар бир улуттун тилин, маданиятын үйрөнүп, таанып жатышат. Ошондуктан бул жерде окуп жаткан студенттерге өзүбүздүн маданиятыбызды, каада-салттарыбызды таанытуу биз үчүн да чоң мааниге ээ. Тарыхыбыз жана маданиятыбыз орток экендиги баарыбызга маалым. КТМУ Монголиядагы университеттер менен кызматташууга кызыкдар болуп, келишим түзгөнүнө кубанычтабыз. Андыктан мындай иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүүсүнө, кызматташтыктын бекемделүүсүнө колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Эл аралык маркага ээ болгон окуу жайда Монголиялык мекендештерибиздин билим алып жатканы бизди абдан кубандырат. Мындан ары да Кыргызстан, Түркия жана Монголиянын ортосундагы достук арта берсин»,-деп ыраазычылыгын билдирди.

Ачылыш жана куттуктоо сөздөрүнөн кийин Монголиянын улуттук ыр-бийи жаңырган концерт тартууланды.

MEDIA MANAS