Кабар жана жарыялар

Чанаккале шейиттери эскерилди

18-март - Чанаккале жеңиши жана шейиттер күнү.

2019-жылдын 18-мартында окуу жайда Түркия Республикасынын Чанаккале жеңишинин 104 жылдыгына карата “Чанаккале шейиттери жана Улуттук гимндин автору Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү” кечеси болуп өттү. Ага окуу жайыбыздын жетекчилиги, Түркия мамлекетинин Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат, ТРнын Кыргызстанда жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан өкүлдөрү, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттер, басма сѳз ѳкүлдѳрү катышты.

Иш-чара Чанаккале согушунун курман болгондоруна арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин жаңырышы менен ачылып, ТРТ Аваз тарабынан даярдалган "Чанаккале руху" аттуу тасма тартууланды. Андан соң студенттер окуя туурасында драмалык көрсөтүүлөрдү аткарышты.

Чанаккале согушу заманбап Түркия мамлекетинин түзүлүшүнө чоң өбөлгө түзүлгөнүн белгилеген университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы иш-чаранын ачылышында төмөнкүлөргө токтолду:

- "Чанаккале жеңишин чексиз кубаныч менен ошол эле учурда терең кайгыруу менен белгилейбиз. Чоң жоготууларга дуушар болдук. Он бешке чыга элек жаш уландарыбыз мекен үчүн канын төгүп, шейит кетишти. Алардын ар бири бир эненин сүйүктүү уулдары эле. Мекен үчүн, туулган жер үчүн, тынчтык үчүн, келечек муун үчүн күрөшүштү.

Чанаккале жеңиши - бүгүнкү дордун жеңиши жана өнүгүшүнө өбөлгө болгон жаңы доордун маршы. Маданияттын жаңы башаты, адам баласын кайрадан жаңы дүйнөгө алып келген улуу жеңиш. 1915-жылдын 18-марты, Чанаккале жеңиши бир күн эле белгиленүүчү дата эмес. 104 жылды башынан өткөрүп, азыркы учурда дүйнөнүн он үчүнчү эң чоң экономикасы болгон бүгүнкү Түркия Республикасын куруп берди. Дүйнөнүн эң чоң экономикасы болуу менен бир топ муктаждарга жардамын аябай көрсөтүп келген өлкөгө айландык" -, деп айтып келип,

Согуш аяктап, жеңиштин арты менен Түркия Республикасы курулган соң, Австралиядагы ата-энелер эми түрктөр Чанаккаледе калган уулдарыбыздын сөөгүн эмне кылышат деп тынчсыздана башташты. Ошондо аларга, Түркия Республикасынын түптөөчүсү улуу Мустафа Кемаль Ататүрк эң сонун билдирүү жөнөттү. "Азыр сиздердин уулдарыңыздар менен биздин уулдарыбыз бир кучак ичинде Чанаккаледе. Аталар, энелер! Эч кабатыр болбогула. Эми мындан ары алар дагы биздин уулдарыбыз",- деп Ататүрк өзүнүн айкөлдүүлүгүн дагы бир жолу кѳрсѳтѳ алган.

Улуу Мустафа Кемаль Ататүрк жана шейит кеткен бардык баатырларыбыз түбөлүк биздин жүрөгүбүздө экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Алардын тайманбай, кайрат менен күрөшкөн баатырдыгын чагылдырып, Улуттук гимнге айланткан Мехмет Акиф Эрсойго терең таазим. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Бул инсандар түрк элинин бактысына жаралган күн шооласы”, - деп сѳзүнүн соңунда жакында Жаңы Зеландияда мечитке террордук кол салуудан 50гѳ жакын адам курман болгонун эскерип, Жараткандан алардын бейишин тиледи.

Андан кйин окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Чанаккале жеңиши түрк тарыхында эле эмес, дүйнөлүк тарыхта маанилүү орунду ээлейт. Чанаккале согушу Түркиянын Чанаккале деген жеринде болгону менен бүтүндөй түрк элдерине тарыхый таасирин тийгизген. Чанаккале согушу түрк элинин эгемендикке, көз карандысыздыкка умтулуусу болгон, бүгүн ал өз жемишин берип өз алдынча мамлекет болуп турат. Эгемендик үчүн жандалбас уруп, өз жанын аябаган эр-азаматтарга таазим этебиз. Бул улуу жеңиш, улуу күрөштү баяндаган Мехмет Акиф Эрсойдун жаткан жери жайлуу болсун. Ал жазган Улуттук гимн ар бир түрктүн жүрөгүнөн түнөк тапканы шексиз. Бүгүнкү күнү Чанаккале тарыхын ар бир жаштарыбыз, келечек муундарыбыз билиши керек”, - деди.

Эскерте кетсек, Чанаккале согушу Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин анда жеңүүчү катары чыккан өлкөлөр Осмондук империя жайгашкан кең жерге кызыгып аны басып алууну көздөшөт. Ошол максатта 3-ноябрь, 1915-жылы Франция жана Англиянын деңиз флоту Чанаккале кысыгын камтыган регионго кол салышкан. Бул согуш 18-март, 1915-жылында душмандык аскерлердин чоң жоготуусу менен мизи кайтарылган. Натыйжада 300 миңден ашык Осмондук империянын аскерлери шейит болушкан.

MEDIA MANAS