Кабар жана жарыялар

Кампус ичи жылдан жылга жашылданууда

Кампуста жашылдандыруу иштери башталды.

Окуу жайда жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу, тегерек-четти жыйноо иштери салтка айланган. Быйыл да Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун тегерегин жашылдандыруу максатында бак-дарак отургузуу иши ѳтүп, ага университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу иштери боюнча проректорлор, профессор Анварбек Мокеев , профессор Хусейин Ѳгүт, сапатты жакшыртуу боюнча Түрк стандарттары институтунун адиси, механик-инженер Нихат Кѳлүк жана TSE Казакстан өкүлү электрик-электроника инженери Расим Йылмаз, окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер катышты.

Иш-чаранын соңу эстеликке сүрѳткѳ түшүү менен аягына чыкты.

MEDIA MANAS