Кабар жана жарыялар

Студенттердин “Жоогазын” фестивалындагы ийгиликтери

Студенттердин ийгиликтери.

28-29-март күндѳрү коммуникация факультетинин студенттери Жусуп Баласагын атындагы КУУда жыл сайын өткөрүлүүчү “Жоогазын” жарнама жана ПР улуттук фестивалына катышып, бардык багытта ийгиликке ээ болушту.

Иш-чара жарнама багытында иштегендер менен студенттердин ортосунда байланышты түзүү, тажрыйба алмашуу максатында КУУнун реклама жана коомчулук менен байланыш кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Бишкектеги жогорку окуу жайлардын журналистика факултетинин мугалимдери, студенттери жана жарнама багытында иштеген адистер катышты.

Аталган фестивалда коммуникация факультетинин коом менен байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн студенттери даярдаган материалдары аркылуу өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтө алышты. 3 студент биринчиликти, ал эми 5 студент экинчиликти багындырышты. Алар 4-курстун студенттери: Самара Энсебаева жана Айсана Касымова "баяндама жасоо" багытында экинчи орунга жана 2-курстун студенттери Алина Нурбекова, Айжамал Муктарбекова жана Алина Жумагулова "маалымат" категориясы боюнча экинчи, ал эми “PR КТМУ” командасы “коом менен байланыш өнөктүгүн пландоо” багытында биринчи орунга татыктуу болушту.

MEDIA MANAS