Кабар жана жарыялар

Жаш журналисттер арасындагы сынактын жеңүүчүлѳрү сыйланды

«Жаш журналисттер» конкурсунан сыйлык.

Коммуникация факультетинин студенти КРнын Өкмөтү тарабынан уюштурулган «Жаш журналисттер» конкурсунда сыйлыкка ээ болду.

Жаш журналисттер арасындагы сынак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын ишин өркүндөтүүгө, масс-медиа жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөөнүн комплекстүү кадамдарын түзүүгө зор салым кошкон коомдук ишмер Роза Даутованын элесине арналып өткөрүлдү.

Социалдык маанилүү темаларда жазган жаш журналисттердин публицистикалык иштеринин Улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2019-жылдын 6-мартында КРнын Өкмөт үйүндө ѳттү.

Аталган конкурста окуу жайыбыздын журналистика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Самира Шарипова «kyrgyztoday.org» интернет-порталында 2018-жылдын 5-декабрында жарыяланган «Үйлөнүү оңой, бирок үй-бүлө куруу кыйын» аталышындагы макаласы менен 3-орунду ээледи.

Сунушталган эмгектерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан 1-орунду окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү, «Азаттык» радиосунун журналисти, маркум Улан Эгизбаевге ыйгаруу чечими чыгарылган.

2-орунга Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин гуманитардык факультетинин 3-курсунун студенти Мажид Османов 2018-жылдын 6-декабрында «АКИpress» интернет-порталында жарыяланган «Күчтүү жарандык коом жана көз карандысыз журналистика – алдыга жылуу үчүн зарыл нерселер» деп аталган макаласы үчүн ээ болду.

Сынактын бардык жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай менен сыйланды.

 

MEDIA MANAS