Кабар жана жарыялар

Эл аралык “Кар” кинофестивалынан сыйлык

Коммуникация факультети Ататүрк  университети тарабынан уюштурулган XV Эл аралык «Кар” кинофестивалында сыйлыкка ээ болду.

Аталган кинофестиваль студенттердин жаңы технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулуп келет. Кыска метраждуу тасмалар бөлүмүндө катышуучулар көркөм, даректүү, анимация, эксперименталдык, коомдук чакырыктар багытында ат салышкан.

Бул конкурста окуу жайыбыздын коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Айсулуу Сейитбек кызы «Korsan косметикасын колдонбо! Ден соолукка зыян» аттуу долбоору менен экинчи орунга татыктуу болду. Айсулуу даярдаган материалы менен Korsan косметикалык каражатарынын ден соолукка тийгизген терс таасирлерин белгилеген.

Сыйлыктар 20-22-март күндѳрү Эрзурум Ататүрк университетинде ѳткѳн кинофестивалда тапшырылды.

MEDIA MANAS