Кабар жана жарыялар

Бүгүнкү күнү диний сабаттуулук аба менен суудай керек

Теология факультетинде «Карьера күнү» ѳттү.

Теология факультетинин деканаты жана Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу бөлүмү биргеликте уюштурулган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 13-мартында ѳттү.

«Карьера күнүнө» Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультети жана ОшМУга караштуу Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинин окутуучулары катышты.

Иш-чарада студенттер өз тармагына тиешелүү мекеме-уюмдар менен таанышып, кененирээк маалымат алышты.

Иш-чараны теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлү ачып, ал ѳз сѳзүндѳ бүгүнкү күнү диний сабаттуулук аба менен суудай керек экендигин белгиледи: “Динди билимсиз адамдарга калтырсак, мамлекеттин өнүгүүсүндө чоң тоскоолдуктар жаралат. Ошондуктан экстремисттик топтордон оолак болуп, мамлекетибизди коргошубуз керек. Эгерде калкка чыныгы исламды ачык-айкын жеткирбесек, ар кандай террористтик уюмдар сабатсыз элди өздөрүнө тез буруп кетишет. Бизге бүгүн диний сабаттуулук аба менен суудай керек. Эгер калкыбыз диний жактан сабаттуу болсо, анда террордук уюмдардан коркпой эле койсок болот. Себеби диндин максаты тынчтык жолу менен биргеликте жашоону улантуу. Андыктан бала-бакчаларда, мектептерде да дин тууралуу туура маалыматтарды берип окутушубуз зарыл. Биздин факультет бул боюнча кѳп иш-чараларды ѳткѳрүп келүүдѳ. Бүгүнкү карьера күнүн ѳткѳрүп жатканыбыздын себеби да ушунда. Бул иш-чара студенттерибизге пайдалуу болот деген ишеничтемин. Чакыруубузду кабыл алып, келип берген мекемелерге ыраазычылык билдирем”.

Андан кийин университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы теология факультетинин ийгилигин баса белгилеп: «Мен алгач Кыргызстанга 2010-жылы келгенимде, “Манас” университетинде 8 факультет бар болчу. Алардын ичинде теология факультети жок эле. Бул факультет да жѳн жерден ачылган эмес. Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин кармайт. Демек, теология илими да жакшы өнүккөн. Ошондой эле бул аймакта Ибн Сина (Авиценна), аль-Фараби, Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари сыяктуу бир катар Исламдын улуу аалымдары жашаганы баарыбызга маалым.

Азыркы адамзат маданиятын мусулман маданиятысыз элестете албайбыз. Бүгүн да мусулман маданияты дүйнөлүк цивилизациялык-маданий өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп атканы талашсыз чындык. Исламдын улуу аалымдары чыгыш антика доорунун интеллектуалдык-маданий мурасын татыктуу баалап гана тим болушпастан, ошондой эле, белгилүү даражада, аны асылдандырып байыта да алышкан. Дал ошол доордо мусулман дүйнөсүндө математика, медицина, табият таануу тариздүү илим тармактары да дүркүрөп өнүккөн. Бул өз учурунда дүйнөгө көз караш жаатынын - философиянын, искусствонун, адабияттын жана архитектура өнөрүнүн өркүндөшүнө жакшы өбөлгө түзгөн. Интеллектуалдык-маданий ренессанстын башында турган биздин даңазалуу бабабыз Абу Насир Аль-Фараби өз доорунда Аристотелден кийинки “Адамзат даанышманы” атка конгону кокустук эмес. Ошон үчүн мусулман дүйнөсүнүн илими менен маданияты эчак эле мезгилде көркүнө чыгып гүлдөгөн. Чыгыш менен Батыштын алака-мамилеси, болгондо да, демилгелүү шыкак-түрткү дээрлик Чыгыштан – мусулман дүйнөсүнөн чыгып турган. Дал ушул мусулман дүйнөсүнүн маданият ишмерлеринин күч-аракети аркылуу европалыктар антика ойчулдары Аристотелдин, Платондун, Гиппократтын, Евклиддин, Птолемейдин жана башкалардын эмгектерин латынча таржымасында кайрадан жаңыртып ачып аңдашкан. Муну менен бирге, ошо мезгилдеги мусулман дүйнөсү жараткан зор илимий жетишкендиктер да латынча котормосу аркылуу европалыктардын өз энчисине айланган. Асыресе, Ибн Сина менен Ибн Рушдун эмгектери айрыкча кеңири таанылып таркалган. Мында бир катар биздин ата-бабаларыбыздын эмгеги ат көтөргүс болгону тарыхта эбак тастыкталган. Биз мындан ары ата-бабаларыбыз калтырып кеткен улуу мурастарды улантып, илим-билимдин ѳнүгүүсүнѳ чоң салым кошуубуз керек”, - деп айтып келип,  

“Албетте, билим алуу менен бирге эле динди, адеп-ахлакты кошо үйрөнүү керек. Билим кесип тандоодо керек болсо, адеп-ахлак өмүр бою коом менен тынчтыкта жашоого шарт түзөт. Жаштарга болгон ишенимибиз чоң, анткени силер келечек муундарсыңар. Ал эми биз иш орундары менен камсыз кылууга албетте, келечек муундарыбызга жеткиликтүү билим беришибиз керек. Бүгүнкү иш-чара студенттер үчүн пайдалуу болуп, өз максатына жетээрине ишенем», - деди.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

MEDIA MANAS