Кабар жана жарыялар

Билимдин жолу кенен, канча эмгектенсең ошончо билимдүү болосуң

Табигый илимдер факультетинде «Карьера күнү».

Иш-чаранын ачылышы 14-март күнү  Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага 18 фирма жана уюмдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада студенттер өз тармагына тиешелүү маалыматка ээ болуу менен бирге өздөрүн таанытуу мүмкүнчүлүгү да болду.

Табигый илимдер факультетинин деканы, профессор Али Осман Солак бүтүрүүчүлөрдүн иш менен камсыз болуусу тууралуу статистикалык маалыматтарга токтолду.

Андан кийин университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы ачылыш сөзүндө мындай деди: « Билимдин жолу кенен, канча эмгектенсең ошончо билимдүү болосуң. Ошондуктан, талыкпай билим алып, ак кызмат аткаргыла. Түрк дүйнөсүнүн келечеги болгон жаштар бир гана кесипкөй болбостон, ар тараптан жөндөмдүү, шыктуу, билимдүү жана дилгир жаштар болуулары керек. Биздин жаштарга болгон ишенимибиз чоң. Андыктан, жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылып, өлкөгө салым кошуусуна себепчи болуңуздар».

Ал эми окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев: «Сүйүктүү студенттер, силердин төрт жыл бою сапаттуу билим алышыңарга биз жакшы шарттарды түзүүгѳ болгон күчүбүздү жумшадык. Бирок мындан кийин да дайыма жаңы маалыматка ээ болууга, билимиңерди өркүндөтүүгө аракет кылгыла», -деди.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

MEDIA MANAS