Кабар жана жарыялар

Белгилүү илимпоз, профессор Л.Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары ѳттү

Жетимиш жашта жети китеп.

2019-жылдын 4-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү илимпоз, агартуучу, Айтматов таануучу, публицист жана КТМУнун Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары болуп ѳттү.

Иш-чарада Лайли Үкүбаеванын кийинки жылдары чыккан эмгектери: «Чыӊгыз Айтматов: эстетика и национальная основа», «Чыӊгыз Айтматов» (жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде кыскача очерки), «Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн маселелери», «Художественное мастерство Чингиза Айтматова», «Жазгыч акындар жана Осмонаалы Сыдык уулу» аттуу илимий эмгектери, «Доорлор жаӊырганда» публицистикалык макалалар жыйнагы жана автор жөнүндө калемдештеринин пикирлери камтылган «Илимдеги сапар» аттуу китептери окурмандарга сунушталды.

Салтанат Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакан таанытуу видеосу менен башталды. Андан соң КТМУнун Түркология бѳлүмүнүн башчысы, доцент Бурул Сагынбаева Лайли Үкүбаеванын өмүр таржымалына арналган докладын окугандан кийин сөз Лайли Үкүбаевага берилип, ал өзүнүн жаңы  китептери менен тааныштырып, кыскача мазмунун айтып берди.

“Өмүрүмдүн бир тобун баштан өткөрүп коюптурмун. Кант жедимби, бал жедимби билбейм. Анан ойлоп отуруп ушул жашымда эл алдында отчет берип коюшум керек экен деп, бир чети оюн, бир чети тамаша кылып 70ке чыктым жети китеп даярдайм деп пландап койгом. Эми минтип 70 жашта жети китебим деп аталган китептерди жазып чыгардым”, – деп сөзүн өзүнүн жазган ыр саптары менен жыйынтыктады.

Андан соң профессорду 70 жылдык мааракеси менен Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун директору, ф.и.д., академик Абдылдажан Акматалиев, КР УИАнын корресподент-мүчѳсү, ф.и.д., профессор Сыртбай Мусаев, Улуу залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун карындашы, белгилүү коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, КТМУнун Батыш тилдер бѳлүмүнүн башчысы, профессор Осмонакун Ибраев жана кесиптештери, шакирттери куттуктап, чакан белектерин жана ыраазычылык дипломдорун ыйгарышса, Жазуучулар союзунун тѳрагасы, акын Нурлан Калыбеков Жазуучулар союзунун медалын тапшырды.

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев: «Жогорку окуу жайдын мугалими сиздей болуш керек деп ойлойм. Сиз менин устатымсыз. Сиздин ишмердγγлγгγңγздѳгγ эң башкы ѳзгѳчѳлγк Айтматовду изилдегениңиз. Сизди бγгγнкγ майрамыңыз менен чын жγрѳгγмдѳн куттуктайм»,-деп ѳзγнγн «Топон» аттуу романын таартуу кылды.

Академик Абдылдажан Акматалиев: «Лайли эже биз менен бир нече китепте авторлош болуп, эмгектенип келет. Айтматов клубун 1987-жылы тγзгѳнбγз. Айтматовду практикалык жактан жайылтууда эженин эмгеги зор. Анкарада бир жума бою «Айтматов кездешγγсγн» ѳткѳргѳнбγз. Ошондо эже делегацияны жетектеп барган. Сиз жѳнγндѳ дагы кѳп сѳздѳр айтылат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз. Υй-бγлѳңγз менен бактылуу болуңуз», деп 3 томдук китепти Айтматов атындагы академиясынын атынан белек кылды.

КР УИАнын корресподент-мүчѳсү, филол.ил.док., профессор Сыртбай Мусаев: «Лайли эже мактоого, данктоого арзыган адам. Мен сизди, кыргыздын арасынан чыккан мыкты аялзаты катары эсептейм. Сиз бактылуу инсансыз, сиз - элдик урмат-сыйдын ээсисиз. Биз сиз менен сыймыктанабыз», -деп юбилярды мааракеси менен куттуктады.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы: «Профессор Лайли Үкүбаеванын Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеги орду ѳзгѳчѳ. Сиз талыкпаган эмгегиңиз менен илимге чоң салым коштуңуз. Кѳп жылдан бери түрк дүйнѳсүнүн жаштарына татыктуу билим-тарбия берип келе жатасыз. Мындан ары дагы элдин сыймыгы болуп, балдарыңыздын урматына бөлөнүп жүрө беришиңизге тилектешмин. Сизге чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм», -деди.

Залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун карындашы, профессор Роза Айтматова Лайли Үкүбаеванын адамгерчилигин жогору баалап: «1961-жылы «Биринчи мугалим» чыгармасы чыкканда, Чыңгыз Тѳрѳкуловичтен Алтынайдын прототиби ким деп сураганымда, «азырынча жок, бирок Академияда, университеттерде иштеп жаткан кыздар бар» дегени эсимде, азыр ойлосом ошол сѳз туура келип жатат. Бүгүнкү күнү Лайли илимди изилдеген кыздардын арасынан жаркыраган жылдыз болуп кѳрүнүп турат. Кыргызстанда Лайлидей адабият илимине салым кошкон кыздар кѳбѳйѳ беришсин. Мындан ары да адабиятка салымыңды кошо бер, бекем ден соолук, бакыт-таалай каалайм», - деди.

Автордун илимий эмгектери боюнча Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филол.ил.докт. Курманбек Абакиров «Деңиздей турмуш үстүндѳ (проф.Лайли Үкүбаеванын чыгармачылык бейнесине сүртүмдѳр)» деген темада баяндама жасаса, публицистикасы боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутууучусу, саясат.т.ил.канд. Бакыт Орунбеков «Лайли Үкүбаева - публицист» деген чакан баяндама жасады.

Иш-чара КТМУнун Кѳркѳм ѳнѳр факультетинин деканы, КР Эл артисти Анарбек Ибраевдин кѳркѳм жетекчилиги астында даярдалган концерт менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, профессор Лайли Үкүбаева 18 илимий, эки публицистикалык, бир көркөм китептин автору. Анын 300дөн ашык илимий-публицистикалык макалалары чет элдик жана республикалык мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көрүп, окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратып келет.

Профессор Лайли Үкүбаеванын илимий жетекчилиги менен илимдин бир доктору, 9 изденүүчү кандидаттык, 5 изденүүчү PhD докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргошуп, илимий даражаларга ээ болушкан. Азыркы күндѳ профессор Лайли Үкүбаеванын жетекчилиги менен 3 докторлук, ондон ашык кандидаттык, 2 PhD докторлук диссертация жазылып жатат.

MEDIA MANAS