Кабар жана жарыялар

Кампуска из калтыруунун бир ѳрнѳгү - жашылдандыруу

«Ѳз кѳчѳтүңүздү тигип кетиңиз».

Окуу жайда жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу иштери салтка айланган. Быйыл да Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун тегерегин жашылдандыруу максатында «Ѳз кѳчѳтүңүздү тигип кетиңиз» иш-чарасы болуп ѳттү.

Иш-чара 8-апрель күнү университеттин Сервистерди тейлѳѳ башкармалыгы жана Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан «Жашыл Кампус» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бак-дарак отургузуу, кѳчѳт тигүү иш-чарасы быйыл масштабдуу түрдѳ ѳтүп, окуу жайдын жетекчилигинин колдоосу менен бардык мугалимдер, кызматкерлер, студенттер жана бүтүрүүчүлѳр ѳздѳрүнүн каражаттарына ар түрдүү дарактардын кѳчѳттѳрүн сатып алышып, «Жашыл кампус» долбооруна ѳз салымдарын кошушту.

Университет бак-дарак отургузуп, көчөт тигүү иштерин салтка айландырганын белгилеген ректор, профессор Себахаттин Балжы: «Жаз алды менен кампусту жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Биз баарыбыз бак-дарак отургузуу жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү менен университетибизди дагы да көрктөндүрүп көркүнө чыгарабыз. “Бир бак тиксең, миң сооп аласың” дегендей, арык чаап, тегерек-четти жашылдандырып турсак кандай жагымдуу. Бүгүн 1700 түп кѳчѳт отургузулмакчы. Быйылкы бак-дарак отургузуу майрамынын ѳзгѳчѳлүгү – бул окуу жайдын мугалимдери, кызматкерлер, студенттер жана бүтүрүүчүлѳрү ѳздѳрүнүн каражаттарына ар түрдүү дарактардын кѳчѳттѳрүн сатып алышып, «Жашыл кампус» долбооруна ѳз салымдарын кошуусунда. Мында ар биринин ѳзүнүн бир дарагы болот, ѳздѳрү карап, суу коюп турушмакчы. Ч.Айтматов атындагы кампустун ичи дагы жашыл бак-дарактарга бай болсо, кийин жаштар ушул бактарды көрүп, биз ушул бактарды тиккенбиз деп сыймыктанасыңар», - деди.

Ал эми окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев ѳз сѳзүндѳ кампуска из калтыруунун бир ѳрнѳгү жашылдандыруу экендигин баса белгиледи: «Мына бүгүн жакшы иш болуп, жаңы түптѳлүп жаткан бакка «Манас» университетине тиешем бар деген ар бир киши ѳзүнүн кѳчѳтүн отургузмакчы. Бул иш-чара дагы уланып, каалаган убагыңыздарда бак тигүүгѳ мүмкүнчүлүктѳр болот. Кампуска из калтыруунун бир ѳрнѳгү жашылдандыруу болуп саналат. Ошондуктан «Манас» университетине берилген жер аянтын натыйжалуу колдонуп, парк боло турган жерлерге бак тигип, жашылдандырышыбыз керек. Келечекте кампусубуз Бишкектин тургундары үчүн да эң сонун эс алуучу жай болот деген ишеничтебиз».

Иш-чара  кѳчѳт отургузуу жана эстеликке сүрѳткѳ түшүү менен жыйынтыкталды.

 

MEDIA MANAS