Кабар жана жарыялар

Улуттук илимдер академиясы менен тыгыз кызматташуу...

2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Муратбек Жуматаев менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты - КТМУ менен КР УИАнын ортосундагы илимий тажрыйба алмашууларды алга жылдыруу болуп саналат. Андан сырткары, жолугушууда кызматташуунун ар кыл багыттары дагы эске алынып, илимий конференцияларды, симпозиумдарды жана жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү, ошону менен катар эле болуп келген илимий байланыштарды үзбөй, өнүктүрүп жана биргелешкен программаларды, долбоорлорду аткаруу боюнча сүйлѳшүүлѳр жүрдү.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети КР Улуттук илимдер академиясынын Түркия Илимдер академиясы, Түркия Илимдер жана Техникалык изилдөө кеӊеши, Жакынкы Чыгыш техникалык университети жана башка техникалык ЖОЖдор арасында кызматташтыкты түзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтмѳкчү.

Эскерте кетсек, үстүбүздѳгү жылдын июль айында КТМУ менен КР Улуттук илимдер академиясы биргелешип илимий конгресс уюштурмакчы.

MEDIA MANAS