Кабар жана жарыялар

Дене тарбия жогорку мектеби карьера күнүн ѳткѳрдү

Университеттин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде «Карерьа күнү» иш-чарасы 28-март күнү Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага түрдүү мекемелер жана уюмдун өкүлдөрү катышты.

Жогорку мектептин мүдүрү, профессор Канат Жанузаков иш-чаранын ачылышында окуу жайда жогорку квалификациялуу окутуучулар билим берээрин белгилеп, физикалык, техникалык, технологиялык мүмкүнчүлүктөр студенттердин ийгиликтүү жана өзгөчө болуусуна шарт түзөѳрүн айтты.