Кабар жана жарыялар

Ахыска түрктөрүнүн маданияты таанытылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ахыска түрктөрүнүн маданияты таанытылды. Ага Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Атынч Кескин, окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, Ахыска түрктөрү уюмунун жетекчиси А.Дурсунов, Ахыска сүргүнүнүн катышуучулары жана студенттер катышты.

Иш-чарада Кавказ жана Орто Азиядагы бүткүл ахыскалык түрктөрдүн 1944-жылы башынан өткөргөн сүргүндөгү катаал турмуштары жана күрөшү чагылдырылган сүрѳт кѳргѳзмѳсү уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Ахыска жана Анатолия аймактары ахыска түрктөрүнүн ата мекени болгон. Ахыска  түрктөрү өз жеринен айдалып, башка жерге кетүүгө мажбур болсо да сүргүндүн адам чыдагыс оор шарттарындагы кыйынчылыктарга карабай, башын тик көтөрүп, жашоо үчүн күрөшүп келишти. Ахыска түрктѳрү Осмон доорунда эң күчтүү эл болгон, бирок колундагы күчтү жоготуп, жеринен айрылып калган. Ал эми Орто Азия эли кыйын кезеңдерде ахыскалы бир туугандарына жардамын аяшпады. Бүгүнкү күнү ахыска түрктөрүнүн мекени жалпы түрк дүйнөсү.”. – деди.

Андан кийин ТКТРнын Кыргызстандагы ѳкүлү Атынч Кескин ѳз сѳзүндѳ ахыскалылардын күнөөсүз жерден ата мекенинен айрылганын баса белгиледи: “Биз бир тууганбыз, тарыхыбыз, тилибиз, динибиз бир. Кыйын кезеңдерде бири-бирибизге тирек болушубуз керек”.

Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү уюмунун жетекчиси А.Дурсунов Ахыска аймагы советтик бийликтин карамагына өтүүсү менен ахыска түрктөрү үчүн жаңы доор башталганын жана Советтик мезгилде ахыска түрктөрү сүргүнгө бир нече жолу айдалып, советтик республикалардын көбүнө чачылып Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда жайгашып калышкан айтып, ѳткѳн кыйын мезгилдерде жардамын аябаган Түркия менен Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чара окуу жайдын студенттери тарабынан уюштурулган чакан программалык кѳрсѳтүү менен жыйынтыкталды.

MEDIA MANAS