Кабар жана жарыялар

Жетекчилик менен баарлашуу жыйыны уланууда

Студенттердин университет жетекчилири менен баарлашуу жыйыны 4-апрель күнү туризм жана мейманкана жогорку мектеби жана көркөм өнөр факультетинде ѳттү.

Жыйында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы студенттерге ѳз акыл-кеңешин айтты: “Билимдин жолу кенен, канча эмгектенсең ошончо билимдүү болосуң дегендей, талыкпай татыктуу билим алгыла.  Интернет заманында технологияны туура пайдалануу менен жаңы маалыматка ээ болууга, билимиңерди өркүндөтүүгө жана ар тараптан жөндөмдүү, шыктуу, билимдүү жана дилгир болууга аракет кылгыла. Топ ичинде иштеше билүү ийгиликке алып келет, ошондуктан бири-бириңер менен ынтымактуу болгула. Учурда КТМУнун бүтүрүүчүлѳрү дүйнѳнүн тѳрт бурчунда эмгектенишип жүрүшѳт, кээ бирлери ѳз ишканаларын ачып жатышат. Биз ѳз бүтүрүүчүлѳрүбүз менен абдан сыймыктанабыз. Андыктан алардан үлгү алгыла деп айтмакчымын”.

MEDIA MANAS

 http://mediamanas.kg/lang-tr/3195-rektrlk-sohbet-toplantlar-devam-ediyor.html