Кабар жана жарыялар

Ветеринария факультетинде «Карьера күнү»

«Карьера күнү» иш-чарасы ветеринария факультетинде уланды.

Иш-чара 10-апрелде уюштурулуп, ага ветеринария тармагындагы алдыңкы 8 фирманын өкүлдөрү катышты.

Программанын ачылышында окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы Ветеринария факультетин соңку жылдардагы эң көп инвестиция салган факультет деп белгиледи. «Ветеринария факультетинде окуган бир студенттин жылдык чыгымы 10 миң АКШ долларын түзөт. Сарпталган каражат маанилүү эмес, маанилүүсү бүтүрүүчүлөрдүн үй-бүлөсүнө, элине, өлкөсүнө кызмат кылуусу. Жаштар, кесибиңерди сүйгүлө. Силер бир гана адамга эмес, жаныбарларга аяр мамиле жасап, алардын ден соолугуна, жашоосуна кам көрөсүңөр», - деди.

Факультеттин деканы, профессор Хасан Гүзелбекташ ѳз сѳзүндѳ ветеринар кесибинин канчалык маанилүү экенин жана бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстанда ветеринария секторунда жумушчу күчүн толуктап жатканын белгиледи.

Сектордун өкүлдөрү Кыргызстанда ветеринарлар жетишсиз, бакалаврдык билимден кийин бүтүрүүчүлөр магистратурага тапшырбайт. Ошол себептүү жогорку квалификациялуу ветеринарлар аз. Ал эми «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрү кесиптик билимге ээ, алдыңкы ветеринарлар экендигин белгилешти.

MEDIA MANAS