Кабар жана жарыялар

“Онлайн университет китепканасы” электрондук маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды

11-июнь 2019жылына чейин “Онлайн университет китепканасы” аттуу орусча электрондук маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды.

“Онлайн университет китепканасы” электрондук китепкана системасы гуманитардык жана табигый илимдер, экономика, башкаруу, саламаттыкты сактоо, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары боюнча электрондук китептерди камтыйт.

 “Онлайн университет китепканасы” төмөнкүлөрдү камтыйт:

Академиялык негизги жыйындар:

- Электрондук китептер жана окуу материалдары

- Илимий мезгилдүү басылмалар (жогорку изилдөө комиссиясынын журналдары)

- илимий классика чыгармалары

- «Энциклопедиялардын классикасы»: энциклопедиялар жана сөздүктөр

Басманын жыйындары:

- Алдыңкы орус басмаканалардын жеке илимий жана билим берүү адабияты

Билим берүү мультимедиа:

- Өз ара аракеттенүү тесттер жана машыктыруу

- билдирүү-экзаменге даярдоо (сынак суроолор жана жооптор)

- Билим берүү жана тарыхый карталар

- Аудиокитептер и видеоматериалдар

- Сунуштоолор, схемалар, таблицалар

Маалымат базада 80000 басма, 371 илимий журнал аталышы, 150000 сүрөттөр, 2650 аудиокитептер, 430 электрондук курстар бар.

Маалымат базаны  китепканабыздын веб баракчасынан  (http://library.manas.edu.kg) колдонсоңуз болот.