Кабар жана жарыялар

КТМУда белгилүү окумуштуу Фуат Сезгин эскерилди

  «2019-жыл - Фуат Сезгинди эскерүү жылы» .

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде КТМУда Ислам ааламынын илимий жетишкендиктерин иликтеген белгилүү түрк окумуштуусу, проф. Фуат Сезгинди эскерүү жылынын ачылыш аземи болуп ѳттү.

Иш-чара алгач Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын мамлекеттик гимдеринин жаңырышы жана «Манас» университетинин таанытым тасмасынын көрсѳтүлүшү менен башталды.

Андан соң ислам дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин таанытууга жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн зор эмгек жасаган илимпоз Фуат Сезгиндин кыскача өмүр баяны менен тааныштырылып, анын Түркиядагы музейи туурасында видео тасма тартууланды.

Маалым болгондой 2019-жыл Түркияда Президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан «Фуат Сезгинди эскерүү жылы» деп жарыяланды. Буга байланыштуу Түркиядагы Кырыккале университети менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети биргелешип проф. Фуат Сезгинди эскерүү иш-чарасын уюштурду.

Белгилүү илимпозду эскерүү программасынын ачылышында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, проф. Себахаттин Балжы иш-чаранын кадырлуу конокторуна ыраазычылыгын билдирип: «Ислам дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин таанытууга жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн зор эмгек жасаган илимпоз Фуат Сезгин бүт ѳмүрүн илимге арнап, жасаган иши менен ѳрнѳк боло алды. Биздин унутулуп калган тарыхыбызды изилдеп, башыбызды бийик кѳтѳрүп жүрүүнү камсыз кылды. Биз ал инсанга чексиз ыраазыбыз, биздин милдет анын ишин улантуу болуп саналат. Биз учурда окуу жайыбыздагы Манас Фм радиосунан Фуат Сезгиндин жасаган эмгектерин коомчулукка жарыялап жатабыз жана анын макалаларын топтоп бир китеп кылып чыгарууну пландаштыруудабыз. Ошондой эле Бишкек менен Ош шаарларында илимий конферецияларды уюштуруп, Орто Азия университеттеринин биримдигине мүчѳ болгон 60тан ашык ЖОЖдордо Фуат Сезгинди эскерүү жана таанытуу иш-чараларынын ѳткѳрүүгѳ аракеттер жасалып жатат», - деди.

            КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Бүгүн абдан маанилүү иш-чара болуп, Фуат Сезгин жылына арналган биринчи иш-чара биздин университетте ѳтүп жатат. Фуат Сезгин - Ислам дүйнөсүнүн илимий тарыхына чоң салым кошкон инсан. Орто Азияда белгилүү тарыхый себептерден улам аты жалпыбызга белгилүү эмес эле. Германиядагы белгилүү университетте академиялык карьерасын жасап, Ислам илиминин тарыхын изилдеп, дүйнөлүк тарыхка салымын кошо алды. Бир нече эл аралык академиялардын мүчөсү, сыйлыктардын ээси. Ал Орто Азиядан чыккан окумуштуулардын эмгектерин да бийик даражага көтөрүп, дүйнөлүк коомчулукка таанытты. Ислам жана Түрк дүйнөсүндөгү көп окумуштууларды билбей калдык. Анын себеби, биз буга чейин Батыш цивилизациясынын окумуштууларынын эмгектерине гана таянып билим алып келгенбиз. Түркия Республикасы биздин маданий, тарыхый иш-чараларыбызга дайым колдоо көрсөтүп келет. Ошондуктан биз дагы Түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсанын жогорку окуу жайларда эскерип, иш-чараларды өткөрүшүбүз керек».

Андан соң КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин стат-катчысы Жапаркул Ташиев: “Түрк ааламын, ислам дүйнѳсүнүн жетишкендиктерин бүткүл дүйнөгө жайылтууга зор салымын кошкон инсанды мамлекеттик деңгээлде эскерүү демилгеси бизди да абдан кубантат. Бүгүнкү биринчи иш-чарага мамлекеттик маанилүү кишилердин катышып жаткандыгы да маанилүү. Биз бул демилгени улантып, Фуат Сезгиндин баскан жолун, тагдырын, тарыхын, жасаган эмгектерин баалап таанытуу иш-чараларын уюштурабыз», - деди.

 КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти, профессор Мурат Жуматаев: “Биз дагы Улуттук илимдер академиясында КТМУнун жетекчилиги менен сүйлөшүп, Фуат Сезгинди эскерүү иш-чарасын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Келечекте биздин жаштар профессор Фуат Сезгиндин илимий жетишкендиктерин улантат деп ойлойм”, - деген оюн билдирди.

 Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежметтин Билал Эрдоган: “Акыркы 200 жыл ичинде индустрия жана технологиянын өнүгүшү менен Батыш маданияты баарын ойлоп таап, иштеп чыккан деген түшүнүк адамдардын акылында орноп калган. Бул жаатта профессор Фуат Сезгин ислам дүйнѳсүнүн окумуштууларынын жетишкендиктерин, илимге кошкон салымын изилдеп жогоруда айтылган түшүнүктү жокко чыгара алды. Демек, анын жасаган эмгектери кѳрсѳтүп тургандай, биздин ата-бабаларыбыз улуу инсан болгон, илимге зор салым кошкон экен. Демек, биз кайрадан илимде да, билимде да биринчи болуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Профессор Фуат Сезгин өмүрүн илимдин тарыхына, анын ичинде эмгектерин арапча, фарсча жана түркчѳ жазып калтырган мусулман-түрк аалымдарынын илимге кошкон салымдарын изилдөөгө арнаган чоӊ окумуштуу болгон. Анын жасаган иштерин жаштарга таанытуу биздин милдет болуп саналат. Келечекте бул инсандын ишин улаган жана илимге салымын кошкон жаштар чыгат деп терең ишенем”, - деди.

Фуат Сезгин атындагы Ислам илимдеринин тарыхын изилдөө фондунун башкаруучулар кеңешинин башчысы Межит Четинкая: «Фуат Сезгин абдан патриот адам болгон. Германияда жашаганына карабастан Түркия тууралуу жаман кабар укса, абдан таасирленчү. Ал күнүнө 17 саат иштеп, ѳмүрүнүн аягына чейин китеп окуду. Проф. док. Фуат Сезгин 2008-жылы Стамбулда ачылган Стамбул ислам, илим жана техника музейинин курулушуна чоң салым кошуп, экспонаттардын даярдалышына өзү жетекчилик кылган. Анын Германияда бир музейи жана китепканасы, ал  китепканада абдан баалуу 1000-500 жылдык китептери бар. Бүгүнкү күндѳ президенттин колдоосу менен ал китепкана Түркияга көчүрүлдү. Сөзүмдү Фуат Сезгиндин айткан сѳздѳрү менен жыйынтыктагым келип жатат, ал: “Мусулмандар илим тарыхындагы ордун билбегендиги үчүн же туура эмес билгендиктен Европалыктардын жанында өздөрүн төмөн эсептешет. Менин максатым – аларга ата-бабаларынын тарыхтагы ардактуу ордун көрсөтүү жана үйрөтүү” деген эле».

Ачылыш сөздөрдөн кийин Кырыкхале университетинин ректору, профессор Эрсан Аслан «Илимий мурасыбыз жана келечектеги кыялдарыбыз» деген аталышта билдирүү жасады. Анда ал ислам дүйнѳсүндѳ илимпоздор эчак эле чыгып, алардын жаган иштеринен мисал келтирди:  “X кылымда жашаган Эл Буруни астрономиялык календарды түзгөн, VIII кылымда жашаган Жабир Ибн химиянын негизин түзгөн, 1400-1474-жылдары жашаган Али Кушчу астроном, математик, филолог болгон, ал эми X кылымда жашаган Ибн Иль Хейсем азыркы биз колдонуп жүргөн камеранын объективин курган адам. Эң биринчи университет бизде 1095-жылы, Европадан 200 жыл мурун курулган. Профессор Фуат Сезгин эмгектеринде чыгармаларын, изилдөөлөрүн арап тилинде жазып, Орто Азия жана түрк элдеринин окумуштууларынын илимге кошкон салымын да терең изилдеген”.

Иш-чаранын соңунда КТМУ менен Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ортосунда түзүлгөн келишимге кол коюлуп, келген конокторго университеттин атынан белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, белгилүү тарыхчы, профессор Фуат Сезгин 1924-жылы Битлисте төрөлгөн. 1951-жылы Станбул университетин аяктап, араб тили жана адабияты боюнча доктордук даражасын алган. 1965-жылы Франкфурт университетинде профессор наамын алып, исламдын “Алтын кылымдагы” илимий жетишкендиктерин изилдөөгө киришкен. 2013-жылы Фуат Сезгин атындагы ислам илимдеринин тарыхы Институту түзүлгөн. Залкар тарыхчы 2018-жылы 94 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Мындан улам, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда 2019-жылды “Профессор Фуат Сезгин жылы” деп жарыялап, аты аталган окумуштууну мамлекеттик деңгээлде эскерүүнү туура деп тапкан.

 

MEDIA MANAS