Кабар жана жарыялар

Түркияда Х Эл аралык ишкердүүлүк конгресси ѳттү

2019-жылдын 25-26-апрелинде Түркиянын Маниса шаарында “Ишкердүүлүктө санариптештирүү: мүмкүнчүлүктөр жана саясаттар” темасында Х Эл аралык “Ишкердүүлүк” конгресси болуп ѳттү. Конгресс Маниса Желал Баяр университети, Кыргыз-Түрк “Манас” жана Конья Селчук университеттеринин биргелешүүсү менен уюштурулду.

Конгресстин  ачылышы 25-апрелде Желал Баяр университетинин Үмүт Догай Арынч маданият борборунда өтүп, ага Желал Баяр университетинин ректору, профессор А. Кемаль Челеби, Сомали Могадишу университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Абдурахман Абдуллахи, Пакистан Сиалкот университетинин проректору, профессор Ижаз Ахмад Куреши, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Хакан Четинташ, илимпоздор жана КТМУнун окутуучулары катышты.

Конгресстин ачылышында Желал Баяр университетинин ректору, профессор А. Кемаль Челеби: «Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө демилге эркиндиги, жөндөмдүүлүк жана технологиянын өнүгүүсү эң маанилүү фактор. Биз Түркия Республикасы катары жеке жана университеттер катары ишкердүүлүк маселесине терең маани беребиз»,-деди. Андан кийин Желал Баяр университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Мустафа Мыйнат 1-конгресс 2006-жылы Бишкек шаарында КТМУда ѳткѳнүн белгилеп, маалымат жана байланыш технологияларынын тездик менен өнүгүшүнүн терс таасирине токтолду: «Бул жаатта илим тармагында эмгектенген илимпоздорго чоң милдет жүктөлүүдө. Бир гана илим, техниканын өнүгүүсү жараткан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу эмес, адамзатты, экологияны көз жаздымда калтырбай иш-аракеттерди улантуу керек».

Ошондой эле илимий иш-чаранын расмий бѳлүгүндѳ Пакистан Сиалкот университетинин проректору, профессор Ижаз Ахмад Куреши, КТМУнун Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Хакан Четинташ, Азербайжан Генже мамлекеттик университетинин Экономика факультетинин деканынын орун басары, доцент Аллахверди Али Айдыноглу да куттуктоо сѳздѳрүн сүйлѳштү.

Конгресске 8 өлкөдөн 34 жогорку окуу жайлардан илимпоздор катышты жана жалпысынан, 25 секциялык отурумда 149 илимий баяндама талкууланды.

Медиа Манас