Кабар жана жарыялар

Тил жана маданият майрамы

 

 Кыргыз-Түрк “Манас университетинде жаз майрамдары алкагында тил жана маданият майрамы болуп өттү.

Университеттин Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунун студенттери жыл аягында алган билимдерин тастыктап, кыргыз, түрк, англис, орус тилдеринде өз таланттарын тартуулашты. Иш-чара үстүбүздѳгү жылдын 2-майында ѳтүп, ага окуу жайдын проректору, проф. А. Мокеев, проректор, проф. Хусейин Өгүт, мугалимдер жана студенттер катышты.

Иш-чарада Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары, ага  окутуучу Мухиттин Гүмүш иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады. Ал эми аталган жогорку мектептин мүдүрү, доцент Таалайбек Абдиев даярдоо курсунун студенттеринин сегиз айдын ичинде тилди абдан жакшы өздөштүргөндөрүнө баа берип, иш-чара мыкты деңгээлде уюштурулганын айтты.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас