Кабар жана жарыялар

Коомдук илимдер институтуна магистратура жана докторантура (Ph.D) багыттары боюнча кабыл алуу конкурсу жарыяланат

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Коомдук илимдер институту

 

2019–2020-окуу жылынын күзгү семестринде төмөндө көрсөтүлгөн магистратура жана докторантура (Ph.D) багыттары боюнча  кабыл алуу конкурсу жарыяланат.

ИЛИМИЙ БАГЫТТАР ЖАНА БӨЛҮНГӨН ОРУНДАР

 

Багыттар

МАГИСТРАТУРА

ДОКТОРАНТУРА

ТР

БК

ТР

БК

 

КООМДУК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

Тарых (Тарых)

4

4

2

2

3

1

Филология (Түркология)

2

5

1

1

3

1

Экономика

2

4

2

1

3

1

Менеджмент

2

2

1

1

3

1

Журналистика

5

4

3

2

3

1

Педагогика (Педагогика)

3

6

1

1

3

1

Теология (Ислам таануу)

2

5

1

2

4

1

Эл аралык мамилелер

3

3

1

-

-

-

Мейманкана иши

3

4

2

-

-

-

Философия

3

3

1

-

-

-

Лингвистика (Котормо жана котормо таануу)

2

5

1

-

-

-

Социология

5

3

2

-

-

-

Филология (Англис тили жана адабияты)

3

5

1

-

-

-

Тарых (Археология  жана социалдык антропология)

4

4

2

-

-

-

Дене тарбия

2

6

-

-

-

-

Педагогика (Психология-психологиялык кеңеш)

2

3

1

-

-

-

Экономика (Финансы)

2

4

2

-

-

-

 

25-июнь, 2019-ж.

Документтерди кабыл алуунун акыркы күнү

01-03июль, 2019-ж.

Адистиги боюнча кирүү сынагы (жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт)

11-12 июль, 2019-ж.

Программаларга катталуу

 

КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ:

  • Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек. Докторантурага тапшыра турган талапкердин магистрдик жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу талап кылынат.
  • Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер: магистрдик дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 10 семестрдик медициналык, стоматологиялык жана ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүсү экенин тастыктаган дипломдун; же бакалаврдык дипломдун ээси болуп бирок Саламаттыкты сактоо министирлиги койгон талаптарга жооп берген лаборатория багытында адистиги тууралуу дипломдун ээси болушу керек.  Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу  талап кылынат.
  • Магистратура программасында чет тил сынагы милдеттүү эмес. Бирок Кыргыз-Түрк Манас университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлдеги чет тил сынагы жыйынтыгынын 15 пайызы кирүү сынагынын жалпы жыйынтыгына кошулат.
  • Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген чет тил сынактарынын сертификаттарына ээ болуусу керек. Түркия Республикасынын  Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55 тен жогору же болбосо Кыргыз-Түрк Манас Университети  Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60 тан жогору баллга ээ болуусу,  же болбосо эквиваленттүүлүгү университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлде таанылган бир чет тил сынагынан же  Түркия Республикасынын Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борборунун  чет тил сынагынан эквиваленттүү балл алуусу керек. Чет тил сынагынын баллы  “Кыргыз-Түрк Манас университетинин чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына” жараша эсептелинет. Доктордук (Ph.D)  илимий багыты боюнча чет тилден адистиги болгон талапкер, чет тил сынагынан башка бир чет тил боюнча тапшырат. Чет тил сынагына кире турган КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.
  • Магистратурага жана докторантурага (D) тапшырган талапкер; Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүсү зарыл.

 

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Тапшыруу анкетасы (Түркия жана башка өлкөлөрдөн тапшыргысы келген  талапкерлер e-mail аркылуу байланышкандан кийин каттоо үчүн керек болгон документтерди төмөндө берилген e-mail адреси аркылуу жөнөтүшсө болот). http://manas.edu.kg интернет адресинен же болбосо институттан e-mail аркылуу алынат.
  2. Магистратура программасы үчүн бакалаврдык же 5 жылдык жогорку окуу жайдын дипломдун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.;
  3. Докторантура үчүн 5 жылдык жогорку окуу жайдын диплому жана магистрдик дипломдордун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.
  4. Паспорттун көчүрмөсү.
  5. 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт
  6. ALES (Акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT (Акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын оригиналы.
  7. YDSTS, Кыргыз-Түрк «Манас” университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эларалык деңгээлдеги чет тил сынактарынын сертификаттарынын түп нускасы же тастыкталган көчүрмөсү.
  8. Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкер үчүн).
  9. Каттоо үчүн 200 сом (e-mail аркылуу тапшыргандар сынактан мурун төлөш керек).
  10. Өмүр баян.

Адрес:

Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал мкр,  Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Коомдук илимдер институтунун  имараты, 1-кабат, 104-каб, (Студенттик бөлүм). Документтерди кабыл алуу Бишкек убактысы боюнча саат  08:30 дан17:30 чейин жүргүзүлөт

Телефон: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321

http://manas.edu.kg, электрондук адрес: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.,

           

КОШУМЧА МААЛЫМАТ:

  1. Башка адистик багытын же башка окуу жайын бүтүргөн талапкерлер тапшырган магистратура жана докторантура (D) программаларынын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катыша алат.
  2. Толук эмес документтер кабыл алынбайт.
  3. Сынактан өтүп, ийгиликтүү окуган магистранттарга жана докторанттарга Ректорлук тарабынан стипендия берилет.
  4. КР –Кыргыз Республикасынын, ТР-Түрк Республикасынын жарандары, ал эми БК болсо башка республикалардын жарандарын түшүндүрөт.

МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph. D) ПРОГРАММАЛАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

 Арыз

Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет адресинен табууга  http://manas.edu.kg/index.php/kg/sbe-кабыл-алуу-шарттары  бутонун басып же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот.

Маалымат

Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

Милдеттүү тилдер:

Магистратура жана докторантура программаларында билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Эгер, бул тилдердин кайсы бири талапкердин эне тили болсо же болбосо бакалавриатта ошол тилде билим алган болсо, ал талапкер бул тилдердин сынагынан бошотулат.  Бул тилдерди билбеген талапкер тил сынагына кирүүгө (67 ден жогору балл алышы керек) же КТМУнун тил боюнча даярдоо курсуна катышууга тийиштүү.

Каттоо:

Кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырган талапкерлер жарыяда көрсөтүлгөн убакыт ичинде тийиштүү программаларга катталышы керек. Убагында каттоодон өтпөгөн талапкер тийиштүү программага кабыл алынбайт. Мындай талапкердин ордуна резервдеги талапкер кабыл алынат. Чет өлкөлүк талапкерлер электрондук почта аркылуу тийиштүү документтерди жибере алышат. Туура эмес же толук эмес документтер кабыл алынбайт.

Керектүү документтер: жогорку билими тууралуу диплом же окууну бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат (түп нускасы), жетишүү табели, паспорттун көчүрмөсү, эки даана сүрөт, чет өлкөдө билим алган талапкерлердин  өз өлкөсүнүн тийиштүү органы тарабынан дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл.

 Багыты боюнча даярдоо:

Магистратура жана докторантура программаларына башка бөлүмдөн тапшырган талапкерлер тийиштүү программа талап кылган даярдоо курсуна катышышат.

 Бош квотаны колдонуу:

Жарыяда көрсөтүлгөн квоталардын кайсы бирине талапкер тапшырбаган учурда, Бөлүм башчылыгынын сунушу менен бош калган квотага кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырган талапкер алынат.

 Стипендия:

Магистрант жана  докторанттарга Кыргыз-Түрк Манас университетинин  «Стипендия берүү»  жобосуна ылайык  3 категорияда стипендия берилет. Кирүү стипендиясы, жетишкендик  жана  муктаждык стипендиясы (чет өлкөлүк жарандар үчүн).

Башка шарттар:

Төмөндөгү таблицаларда магистратура жана докторантура программаларына кайсы бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнүн тапшыра ала тургандыгы белгиленген, ALES сынагынын кайсы түрүнүн кабыл алына тургандыгы жана чет тили көрсөтүлгөн.

 

КООМДУК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

Багыты

Талапкердин бүтүргөн бөлүмү

ALES

Магистратура

Сынактын түрү

Баллы

Тарых (Тарых)

Тарых  же  башка гуманитардык илимдер багытынын бүтүрүүчүлөрү*

Гуманитардык

55

Тарых (Архелогия  жана социалдык антропология)

Тарых, түркология, чыгыш таануу, антропология, этнография, фольклористика, чөлкөм таануу, музей таануу багытынын бүтүрүүчүлөрү*

Гуманитардык

55

Филология (Түркология)

Түркология; коомдук илимдер багытынын бүтүрүүчүлөрү *

Гуманитардык

55

Экономика

Экономика;  финансы жана банктык иш*;  мамлекеттик финансы*;  эл аралык экономика*;   дүйнөлүк экономика*;   эл аралык экономикалык мамилелер*;    эл аралык мамилелер* багытынын бүтүрүүчүлөрү

Орток жыйынтык

55

Менеджмент

Менеджмент, экономика, мамлекеттик финансы, финансы жана кредит, эл аралык мамилелер,  инженердик факультеттин, туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин, колдонмолуу (прикладдык) математика, коммуникация(журналистика, радио жана ТВ, коомчулук менен байланыш) факультетинин бүтүрүүчүлөрү*

Орток жыйынтык, табигый так илимдер

55

Журналистика

Коммуникация(журналистика, радио жанаТВ, коомчулук менен байланыш ж.б.) факультетинин бүтүрүүчүлөрү

Гуманитардык, орток жыйынтык

55

Педагогика (Педагогика)

Кыргызстан ЖОЖдорунда  жалпы педагогика, жалпы психология, окуу предметин окутуунун методикасы курстарын угуу жана педогогикалык парктикадан өтүү же болбосо Кыргызстан же Түркиянын ЖОЖдорунун  педагогикалык факультетинин   бүтүрүүчүсү  болуу же болбосо Кыргыз-Түрк “Манас” университети же Түркиянын ЖОЖдорунун мугалимдик (pedagojik formasyon sertifikası)  сертификатына ээ болуу.

Орток жыйынтык

55

Педагогика (Психология-психологиялык кеңеш)

Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк же психология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү

Орток жыйынтык

55

Теология (Ислам таануу)

Теология багытынын бүтүрүүчүлөрү

Гуманитардык

55

Эл аралык мамилелeр

Эл аралык мамилелер жана гуманитардык илимдер багытынын бүтүрүүчүлөрү *

Орток жыйынтык

55

Мейманкана иши

Туризм; Менеджмент* ;  Экономика *; Эл аралык байланыштар*; Коом менен байланыш жана реклама*  бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү

 

Орток жыйынтык

55

Философия

Багыт боюнча: Философия бөлүмүнүн  бүтүрүүчүлөрү

Багыттан сырткары: Философия бөлүмүнөн сырткаркы баардык бөлүмдөрдүн* бүтүрүүчүлөрү

 

Орток жыйынтык, гуманитардык

55

Лингвистика (Котормо жана котормо таануу)

Синхрондук котормо/котормо таануу; лингвистика; филология  бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү  (кыргыз тили, түрк тили, орус тили, англис тили)

 

Орток жыйынтык

55

Социология

Коомдук  жана  гуманитардык багыттар; Педагогика;  шаар, аймак пландоо жана архитектура бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү*

 

Орток жыйынтык, гуманитардык

55

Филология (Англис тили жана адабияты)

Филология (англис тили жана адабияты); Лингвистика (англис тили) бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү

 

гуманитардык

55

Дене тарбия

Дене тарбия жана спорт мугалими же машыктыруучуларды даярдоо бөлүмдөрүнүн  бүтүрүүчүлөрү

гуманитардык

55

Экономика (Финансы)

Финансы жана кредит, менеджмент, экономика, финансы, математика, колдонмолуу (прикладдык) математика жана информатика, компьютердик инженерия бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү*

Орток жыйынтык, табигый так илимдер

55

 

Багыты

Талапкердин бүтүргөн бөлүмү

ALES

Докторантура (Ph.D.) программасы үчүн чет тил

Докторантура

Сынактын түрү

Баллы

Чет тилдер

 

Тарых

Тарых, коомдук жана гуманитардык илимдер* багытында толук  5 жылдык,  магистрдик дипломго ээ болгон бүтүрүүчүлөр

Гуманитардык

55

англис тили, немис тили, француз тили, орус тили, кытай тили

Филология (Түркология)

Филология, лингвистика, азыркы түрк тилдери жана адабияттары  же түркология багытында толук  5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломго же магистрдик дипломго ээ болгон бүтүрүүчүлөр. 

      Эгер башка багытта  магистр даражасын алса, анын бакалавр даражасы филология, лингвистика,  түркология, азыркы түрк тилдери жана адабияттары  адистиги болушу керек*

Гуманитардык

55

англис тили, немис тили, орус тили, араб тили, кытай тили

Экономика

Экономика;  финансы жана банктык иш*;  мамлекеттик финансы*;  эл аралык экономика*;   дүйнөлүк экономика*;   эл аралык экономикалык мамилелер*;    эл аралык мамилелер* багыттарында 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломго же магистрдик дипломго ээ болгон бүтүрүүчүлөр

Орток жыйынтык

55

англис тили, немис тили, француз тили, орус тили

Менеджмент

Менеджмент, экономика, мамлекеттик финансы, финансы жана кредит, эл аралык мамилелер,  туризм жана мейманкана иштетүү, коммуникация  (журналистика, радио жана ТВ, коомчулук менен байланыш), өнөр-жай инженериясы багыттарында магистр даражасына же бул багыттарда  5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломго ээ болгон  бүтүрүүчүлөрү*

Орток жыйынтык, табигый так илимдер

55

англис тили, немис тили, француз тили, италиян тили, испан тили,

орус тили, кытай тили,

Журналистика

5 жылдык базалык жогорку билимин же магистратурасын журналистика , коом  менен байланыш, радио телевидение жана кино искусство,  массалык коммуникация багыттарын  бүтүргөндөр

Гуманитардык, орток жыйынтык

55

англис тили, немис тили, француз тили, италиян тили, испан тили,

орус тили, кытай тили, араб тили

Педагогика

Педагогика багытынын профилдеринин бири боюнча диссертациялуу магистратура программасынын же болбосо педагогика багытында 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломго ээ болгон бүтүрүүчүлөр

Орток жыйынтык

55

англис тили

Теология (Ислам таануу)

Теология багытында 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу же магистрдик дипломго ээ болгон бүтүрүүчүлөрү

Гуманитардык

55

англис тили, араб тили

 *- Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программалардын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсу

на катыша алат.