Кабар жана жарыялар

19-май: «Спорт – ден соолуктун жана достуктун булагы»

КТМУда 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы белгиленди.

Иш-чара 2019-жылдын 20-майында К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында ѳтүп, “19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы” дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан «Спорт – ден соолуктун жана достуктун булагы» деген ураан менен жыл сайын салтка айланып калган университеттин студенттер жана кызматкерлер арасында уюштурулчу «X Спартакиада» турниринин жабылыш салтанаты менен коштолду.

Иш-чара Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктү 1 мүнѳттүк эскерүү менен башталып, эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Иш-чарада окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев күндүн маанилүүлүгүн белгилөө менен өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ректор, профессор Себахаттин Балжы жаштарды кызуу куттуктап, Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын мааниси жана ѳзгѳчѳлүгүн баса белгиледи: “19-май белгиленгенден бери арадан бир кылым ѳтүптүр. Бул күн тарыхый күн болуп саналат. Биринчи дүйнөлүк согушта тилекке каршы Осмон империясы жеңилип, бир топ жерлерин алдырып жиберди. Баарынын үмүтү үзүлүп, түрктөр дүйнө тарыхынан жок болот дегенде Мустафа Кемаль Ататүрк эч качан түрк эли тарыхтан жок болбоорун далилдеш үчүн Стамбулдан Самсунга өзүнө ишенген достору менен кемеге түшүп келди. Самсунга келишинин себеби-баардыгы кары-жашы, аял-эркек, бала-чака дебестен биригип, боштондук үчүн күрөшөт. Же туубуз жалбырайт, же баарыбыз өлөбүз! Анын урааны “Же боштондук, же өлүм!”. “Мен Улуу Түрк элинин тарыхын жаңыдан жазам!”, -деп айтты жана аны аткарды. Эки жыл боштондук үчүн күрөшүп, Түркия Республикасын курду. Ал уруштун жеңиши менен арадан 100 жыл өткөндөн кийин улуу түрк эли “Манас” университетинде жолугушуп олтурат. “Манас” университети 1995-жылы курулуп, бүтүндөй түрк элдеринин балдарын бир жерге топтоду. Бул майрамдын жаштарга белекке берилишинин  себеби бар. Баарыбыз билгендей эле бир мамлекеттин, улуттун келечеги жаштардын колунда. Ататүрк муну билип келечекти жаштарга аманат кылып тапшырган. Ататүрктүн бул кайрылуусунан ар бир түрк баласы өзүнө сабак кылып алсын. Ал мындай: “Эй, түрк жаштары эң биринчи милдетиң, түрк боштондугун, Түркия Республикасын түбөлүккө соктоо жана коргоо!”. Кыргыз баласынын да милдети мамлекетин түбөлүктүү сактоо жана коргоо. Казак, өзбек, түркмен, азербайжан ким болсо дагы эң биринчи милдетиң мамлекетинди коргоо. Туубуз эч качан жерге түшпөйт жана ошол туунун алдында баарыбыз бир туугандай тынчтыкта жашайбыз.

Ошентип Ататүрк жаңыдан жаралуу, тарыхта жаңыдан пайда болуу жана түрк улутунун кыйрабастыгын белгилеген күндү жаштардын колуна тапшырып, майрам катары жаштарга тартуулаган», -  деп, Ататүрктүн атын, осуятын кийинки муундага айтып жеткирүү биздин милдет деп кошумчалады.

Университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы менен куттуктап, майрамдын маанисине токтолду: “Түркия Республикасынын пайдубалын курган Мустафа Кемал Ататүрк Түркиянын келечеги жаштардын колунда деп жаштарга абдан маани берген. Себеби мамлекеттин келечеги жаштар болуп саналат. Эмне үчүн жаштар жана спорт дегенде, анын себеби бардык мурастарыбызды акылдуу, билимдүү, ыймандуу, күчтүү жана дени сак жаштарга тапшырышыбыз керек. Биз ошондо мамлекетибиздин келечеги бекем колдо деп ишенебиз. Ошону менен бирге жаштарыбызды да жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз. Биздин жаштарыбыз да Кыргызстандын атын алыска чыгарып, алдыга чыгып келе жатат. Кыргызстанда жана Түрк дүйнөсүнда кандай гана көйгөйлөр болбосун, аларды чечүүдѳ өлкөбүздүн келечегин колдоруна алып, билимде жана спортто эң алдыңкылардан болгон жаштар керек. Андыктан билимде, илимде  мыкты жана спортто да эң алдыңкылардан болгула”, - деди.

 

Ачылыш сѳздѳрүнѳ кийин жене тарбия жана спорт жогорку мектебинин деканы К.Жанузаков 2019-жылкы X Спартакиада турниринин студенттер ортосунда өткөн университет 1си, 2си жана 3чүлөрүн атап, аларга мындан аркы да ийгиликтерди каалады. Ал эми университет жетекчилери ректор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев спорт менен машыгуу ишке болгон активдүүлүктү жана позитивдүүлүктү жогорулатаарын баса белгилешип, мындай иш чаралар биздин студенттердин социалдык жашоолорун бекемдейт деп, X Спартакиада турниринин жеңүүчүлөрүн кызуу куттукташты жана бул жолку спорттун жеңүүчүлөрү болгон кубоктун ээси Табигый илимдер факультетинин студенттери жана кызматкерлер арасындагы спорттун жеңүүчүлѳрү Экономика жана башкаруу факультети экендигин белгилеп, белек жана куттуктоо баракчаларын өз колдору менен тапшырышты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерт менен аяктады.

Медиа Манас