Кабар жана жарыялар

2019-2020-окуу жылы үчүн профессор окутуучуларды жана кенже илимий кызматкерлерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруусу

Факультети Бөлүмү/Программасы Кызматы Талаптар Саны
Теология факультети Ислам таануу ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Ислам таануу тармагы боюнча бакалавр жана магистр даражаларына ээ болуу.
1
Инженерия факультети Өндүрүш инженериясы илимдин кандидаты (phD) /доктору, доцент, профессор  Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Өндүрүш инженериясы тармагы боюнча эл аралык илимий журналдарда макалалары жана  изилдөө тажрыйбасы бар болуу.
1
Ветеринария факультети Ветеринария (ички оорулар) профессор Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү. 1
Айыл чарба факультети Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү доценттин м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Талаа өсүмдүктөрү тармагы боюнча илимий даражасына ээ болуу.
1
кенже илимий кызматкер Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Мөмө-жемиш  жана талаа өсүмдүктөрү  боюнча жогорку билимдүү болуу.
1
Кесиптик жогорку мектеп Ширетүү өндүрүшү ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Тийиштүү  инженердик багыттарда/адистиктерде жогорку билимдүү болуу. Чет тил билүү талабы коюлбайт.
1
Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо 1
Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (24 май-7 июнь, 2019) КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын  тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ага окутуучу жана кенже илимий кызматкер кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), өздүк баракча, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, кадрлар башкармалыгы (112-каб.)
Электрондук дарек :  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35
Эскертүү: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын", "КТМУга ишке алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" жана "КТМУга ишке алына турган кенже илимий кызматкерлерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (http://manas.edu.kg/index.php/tr/ktmu-emevzuat)  негизинде каралат. Талапкер жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.