Кабар жана жарыялар

КТМУда Орозо айт майрамы белгиленди

Рамазан айы аяктап, окуу жайда Орозо айт майрамы белгиленди. Орозо айт мусулмандар үчүн өзгөчө майрам. Майрамга байланыштуу 5-июнь күнү КТМУнун кызматкерлери үй-бүлѳлѳрү менен чогулуп, бирге майрамдашты.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы КТМУнун кызматкерлерин Орозо айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бейпилчилик каалады. Ал:    “Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Мусулманчылыктын парзына атайын моюн сунуп, отуз күн бою кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Ушул мезгилдин аралыгында тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон ой-максатыңыдар ишке ашсын. Кудайдын буйругу экен, баарыбыз Орозо айтыбызды куттуу Кыргызстанда бирге тосуп жатабыз. Алла Таала жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин. Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин! Бир ай бою туткан орозоңуздарды, аткарган кайрымдуулук сооп иштериңиздерди Алла Таала кабыл кылган болсун! Айтыңар маарек болуп, баарыбызды Кудай колдосун!», - деди.

Андан кийин окуу жайдын Биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Орозо айт майрамыбыз бүткүл Ислам ааламына куттуу болсун! Кармаган орозолорубузду Аллах кабыл кылып, мамлекетибизде тынчтык, бакубатчылык болуп, ар бир үйдѳн ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторкондо молчулук болсун, Кудай баарыбызга жагымдуу көңүл, жүрөктүн тынчтыгын насип кылсын. Айтыңыздар маарек болсун!” –деп куттуктады.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин Теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлү тарабынан эли журтубуздун бейпил турмушу, тынчтыгы үчүн дубу тилектер кылынды.

Медиа Манас