Кабар жана жарыялар

Түркия Республикасынын парламент өкүлдөрү КТМУга келишти

Бишкекте ѳтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйынына келген Түркиянын парламент ѳкүлдѳрү Өмер Фетхи Гөрүр жана Режеп Шекер Кыргыз-Түрк “Манас” университетине да келип, зыярат кылышты.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев келген конокторду тосуп алып, окуу жай тууралуу маалымат берип университеттин окумуштуулар мүчѳлѳрү менен тааныштырды. Жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 29-май күнү ѳттү.

Жолугушууда Түркиянын парламент ѳкүлдѳрү ѳз сѳздѳрүндѳ Кыргыз-Түрк “Манас” университети алдыңкы окуу жайлардын бири болуп, ийгиликтүү болуп келе жатканын белгилешти.

Жолугушуунун соңунда келген коноктор үчүн  КТМУнун Археологиялык музейине экскурсия уюштурулду.

Медиа Манас