Кабар жана жарыялар

«Манас» университетине абитуриенттерди каттоо башталды

Абитуриент – 2019

Кыргыз-Түрк «Манас» университетине абитуриенттерди каттоо иштери башталды. 25-июндан тарта КТМУ 2019-2020-окуу жылына абитуриенттерди кабыл ала баштады.

Каттоо быйыл облустарда (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Каракол) 25-29-июнга чейин, ал эми Бишкекте документтерди кабыл алуу күндѳрү 25-июнь – 2-июлга чейин жүрѳт. Ал эми кирүү сынагы 7-июль күнү Бишкек шаарында ѳтѳт. Жалпы сынак - саат 10.00, ал эми чет тил сынагы - саат 14.30 башталат.

Эскерте кетүүчү нерсе: ЖРТ 110 баллдан жогору алгандар гана каттала алышат  (Кѳркѳм ѳнѳр факультети, Дене тарбия жана спорт жогорку мектебине катталуучулардан ЖРТ сертификаты талап кылынбайт). Ошондой эле быйыл абитуриенттерди каттоо акысыз жүргүзүлүүдѳ.

Эшигибиз ар дайым сиздерге ачык, кош келиңиздер!

Медиа Манас