Кабар жана жарыялар

Кипрда экономика жаатында эл аралык конференция уюштурулду

Илимий конференция ѳттү.

2019-жылдын 11-13-июнь күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасында XI Эл аралык «Евразия экономикалары» аталышында илимий конференция өттү. Аталган конференция Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Чыгыш Акдеңиз университети, Бейкент университети жана Евразия Экономисттер Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.

Конференциянын ачылышына КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы да катышып, КТМУну таанытты. Ошондой бул конференцияда Экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнүн башчысы, профессор Жусуп Пиримбаев жана доцент м.а  Жунус Ганиев доклад окушту.

Иш-чаранын ачылыш салтанаты Рауф Раиф Денкташ атындагы Маданият жана конгресс борборунда ѳтүп, ачылыш сѳзүндѳ конференциянын  модератору, профессор Селахаттин Сары илимий иш-чаранын максаты аймактык экономист жана финансисттерди бир жерге топтоо экендигин белгилесе, ал эми профессор Мехмет Балжылар бул иш-чара Евразия экономика аймагында иштеген экономисттер үчүн илимий иш биримдигинин платформасы катары калыптанып баратат деди.

Аталган конференциянын демѳѳрчүлѳрү Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги (ТИКА) жана Түндүк Кипр Түрк мамлекетинин Улуттук Банкы болушту.

 

Медиа Манас