Кабар жана жарыялар

Манас университети 18-бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

Ак жол сага, бүтүрүүчү - 2019!

2019-жылдын 18-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын спорттук аянтчасында 2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу» аземи болуп өттү.

Салтанаттуу кече бир канча маанилүү коноктордун катышуусунда өттү. Кечеге КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары, Түркия жана Афганистан Республикасынын Кыргызстандагы элчилери, Түндүк Кипр ТР Кыргызстандагы өкүлү, университеттин окутуучулук-профессордук курамы, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышты.

Салтанаттуу кече Медиа Манастын ютуб, фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде берилип турду.

Университеттин бүтүрүүчүлѳрүн куттуктап КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Түркия Республикасынын Президенттик Аппаратынын Коммуникациялар департаментинин башчысы, профессор Фахреттин Алтун куттуктоо катын жолдогон. Профессор  Фахреттин Алтун куттуктоо катында “Манас” университетинен сапаттуу билимге ээ болуп, жылына мыкты  жаштар аяктап чыгаарын белгилеп, эң сонун мүмкүнчүлүктѳр менен шарттарды түзүп берген Кыргыз жана Түркия Республикасына жана КТМУнун жетекчилиги менен бүтүрүүчүлѳрдүн ата-энелерине ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлѳргѳ ак жол каалаган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков ѳз сѳзүндѳ министрликтин атынан бүтүрүүчүлѳрдү бүтүрүү салтанаты менен куттуктап, аларга мындан аркы турмуш жолундагы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле “Манас” университетинен алган билимдери менен ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ салымын кошо турган жаштар болооруна ишенээрин билдирди.

Кечени КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы ачып, бүтүрүүчүлѳргѳ ийгилик каалады: “КТМУ 24 жылдын ичинде ар кайсы тармакта 8000ден ашуун адистерди даярдап, турмуш жолуна аттандырган. Университетибиз быйыл 18-бүтүрүүчүлөрүн тагыраак айтканда, ар кандай кесипке ээ болгон  761 бүтүрүүчүнү уядан учуруп жатат. Окуу жай ѳзүнүн бүтүрүүчүлѳрү менен ар дайым сыймыктанып келет. Учурда КТМУнун бүтүрүүчүлѳрү дүйнѳнүн 35 ѳлкѳсүндѳ ийгиликтүү иштеп, айрымдары ѳз ишкерчилигин жүргүзүшүүдѳ. Мен студенттерим менен абдан сыймыктанам.

 Урматтуу бүтүрүүчүлѳр! Силер университетти аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жатасыңар. Турмуш жолуңар байсалдуу болсун. Ишиңерде ийгиликтер болуп, биз сыймыктанган жаштардан болушуңарга тилектешмин. Университет силердин мындан аркы жашооңорго чоң багыт кѳрсѳтүп берди. Андыктан бизден алыс кетпей, ар дайым байланышта болуп тургула. Силерге Ак жол каалайм. Манас университетинин байрагын дүйнөнүн бардык жеринде желбиретесиңер деп ишенем»,- деп, 5 жыл бою «Манас» университетине ишенип өз балдарын аманат кылган ата-энелерге да ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев бүтүрүүчүлөрдү маанилүү күнү менен куттуктап: «КТМУну бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ боло бербейт. Биз силерди куттуу уябыздан учуруп жатабыз. Кайсы бир адистикке ээ болуп, уядан учуп жатасыңар, жашоодогу адилет, сый жана сүйүү сыяктуу баалуулуктарды жоготпой, алган билимиңер, дипломуңар келечекте Кыргызстанга пайдасы тийсин. Ошондой эле силер бизден алган билимди, тарбияны окуучуларыңарга жогорку деңгээлде жеткирет деген үмүттѳбүз. Силерге билим берип, акыл- насаатын айтып турган жалпы кесиптештериме да ыраазычылык билдирем. Ар дайым “Манас” университетинин атын, туусун бийик көтөрүп жүргүлө. Бүгүн берген антыңар бекем болсун, орундалсын», – деген жылуу пикирин билдирди.

Ошондой эле бүтүрүүчүлѳрдүн ата-энелери да окуу жайдын ректоратына жана профессор-окутуучуларга ѳз ыраазычылыктарын билдирди.

Иш-чара өзгөчө шаң менен башталып, алдыңкы, мыкты окуган студенттерге сыйлыктар, белектер берилди. «Университеттин эң мыкты бүтүрүүчүсү» номинациясына Экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык бөлүмүнүн бүтүрүчүсү Перизат Рыспек кызы, экинчи орунга Экономика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Атабек Адышев, үчүнчү болуп Табигый илимдер факультетинин математика жана информатика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Айнура Медербек кызы татыктуу болушту. Андан соң университеттин эң алдыңкы бүтүрүүчүсү деген номинацияга ээ болгон Экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык бөлүмүнүн бүтүрүчүсү Перизат Рыспек кызы ардак тактага  өзүнүн ысмын калтыруу каадасын аткарды.

Кече бүтүрүүчүлөргө бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн тапшыруу салтанаты жана белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусунда даярдалган концерт менен аяктады жана соңунда бүтүрүүчүлөрдүн урматына салют атылды.

Медиа Манас