Кабар жана жарыялар

«Атажүрт» тасмасы ТРТнын эң мыкты сыйлыгын алды

Коммуникация факультетине «ТРТнын Келечектин журналисттери» сынагынан биринчилик сыйлыгы берилди. Аталган сынак быйыл 5-жолу ѳтүп, жаштарды сапаттуу жана өзгөчө долбоорлорду өндүрүүгө шыктандыруу максатында уюштурулган.

«Теле берүү чыгармачылыгы» тармагында мыкты документалдуу фильм сыйлыгына радио-тв жана кино бѳлүмүнүн студенти Гульнара Айтмаматованын «Атажүрт» аттуу эмгеги татыктуу болду.

Сыйлык тапшыруу аземи 2019-жылдын 3-июлунда ТРТнын Тепебашы студиосунда ѳтүп, ага бир топ белгилүү инсандар катышкан. Аталган конкурста Түркия менен катар Орто Азия, Балкан өлкөлөрү жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) коммуникация факультетинде билим алган студенттер ѳз эмгектери менен күч сынашкан.

 Медиа Манас