Кабар жана жарыялар

Түркия Парламентинин депутаттары КТМУга иш сапары менен келди

Үстүбүздѳгү жылдын 26-июлунда Түркия парламентинин депутаттары КТМУга келди.

Жолугушуу ректоратта ѳтүп, ага достук тобунун төрагасы Сабри Өзтүрк баштаган делегация мүчѳлѳрү: Али Жумхур Ташкын, Юсуф Башер, Эркан Акчай, Фикрет Шахин жана ТРнын Кыргызстандагы элчилигинин даанышманы Йекта Камил Ноян жана элчиликтин Маданият жана таанытуу иштери даанышманы, доц. Нури Шимшеклер, университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, башкы катчы Зия Арпалы, курулуш иштери башкармалыгынын башчысы Сезаи Үннер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ окуу жайдын таанытуу фильми кѳрсѳтүлдү. Андан кийин университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев окуу жайдын жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

Ал эми Түркиядан келген делегация ѳкүлдѳрү Кыргызстанга, ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинине зыярат кылып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө кубанычта экендигин билдиришип, кыргыз жана түрк элинин достугу бекем болушун каалашты.

Жолугушуунун соңунда университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев келген конокторго окуу жайдын атынан белектер тапшырды жана меймандар үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы кампус ичинде тур уюштурулду.