Кабар жана жарыялар

Түркия: «15-июль - Улуттук ынтымак жана демократия күнү»

2019-жылдын 15-июлунда университетте Түркиядагы "15-июль окуяларын" эскерүүгө арналган иш-чара ѳттү. Ага университет жетекчилиги, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат, Түндүк Түркия Кипр Республикасынын Кыргызстандагы ѳкүлү Атынч Кескин, ТИКАнын Бишкектеги ѳкүлү Али Муслу, Кыргызстандагы Ахыска түрктөрү уюмунун жетекчиси А.Дурсунов жана университеттин жалпы жамааты, медиа ѳкүлдѳрү катышты. Иш-чара КТМУ жана ТРнын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулду.

 Эске салсак, мындан үч жыл мурда Түркия Республикасында төңкөрүш аракети жасалып, Анкара шаарында 250дөн ашуун адам каза тапкан. 15-июль өлкөдө расмий дем алыш күнү катары эсептелип, «Улуттук ынтымак жана демократия күнү» деп жарыяланган.

Эскерүү иш-чарасы Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчада жайгашкан Абдулкерим Сатук Буура Хан мечитинде шейит кеткендерге Куран окутулуу менен башталып, андан кийин ректораттын жыйындар залында 15-июль сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү программасы менен уланды.
Иш-чара шейит кеткендерди 1 минѳттүк эскерүү жана эки ѳлкѳнүн улуттук гимнинин жаңырышы менен башталып, 15-июль окуялары тууралуу видео тасма кѳрсѳтүлдү.
Жыйында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы 2016-жылдын 15-июлунда ѳткѳн ырайымсыз тѳңкѳрүштѳ түрк эли ѳзүнүн каршылыгын татыктуу кѳрсѳттү деди:
«Түркияда 2016-жылдын 15-июль күнү улутубузга жана мамлекетибизге каршы башталган ырайымсыз төңкөрүш аракети улуу калкыбыздын татыктуу каршы чыгуусу менен күчүн жоготту. Биз 1923-жылы Түркия Республикасын куруу менен тарыхтагы өз ордубузду эч кимге бербей турганыбызды далилдегенбиз. Азыркы учурда да ичтен жана тыштан сокку ура турган душмандар бар. Ошондуктан “түрккө” бир орунда туруу жарашпайт. Түрктѳр мээримдүү эл, бирок чыккынчылык кылганды эч качан кечирбейт. 15-июль күнү заалым, мээримсиз, наадан душман менен бетме-бет келдик. ФЕТО  ̶  кыянаттык кылган дүйнөлүк уюм. Бул уюмдун максаты – бул түрк элинин жаңы маданиятын түптөп, дүйнөгө кызмат кылуусуна бут тосуу.
Танканын, замбиректин, согуш учактарынын, аскердик вертолеттордун чабуулуна көкүрөгүн тоскон улуу калкыбыз, көз карандысыздыгына суук колун салууга аракет кылган митаам колдорго каршы чыгып, атын тарыхкка алтын тамгалар менен жаздырды.
15-июль түнү, эр жүрөктүүлүгү, чечкиндүүлүгү жана кайраттуулугу менен тарых жазган шейиттерибиздин жаннаттан жай табуусун Кудайдан тилеп, мекен үчүн кан-жанын аябаган баатырларыбызды урматтоо менен эскеребиз”.

Андан кийин окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев:
«Түркия Республикасынын 21-кылымда башынан өткөргөн эң оор тарыхый окуясын эскерип жатабыз. «15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнү» деп аталып калды. Түрк эли ынтымак, биримдик менен өлкөсүн азыркы абалга жеткирди. Эгер бир элдин душманы сырттан болсо, аны жок кылуу оңой. Себеби анын көздөгөн максаты белгилүү. Бирок өз мекендешиңдин душман болгону абдан оор. Ал нерсе ак сүтү менен чоңойгон баланын өз энесине кылган кыянаттыгы менен бирдей. Ошондуктан кыргызда жакшы сөз бар «ϴзөктө чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» деген. Албетте, эң коркунучтуу өзүңдөн чыккан душман жаман.
15-июлда курман болгон шейиттерди терең урматтоо менен эскерем. Элибиз дайым биримдикте болсун. Мындай окуя кайталанбашын тилеймин», - деди.
Ал эми ТРнын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат ѳз сѳзүндѳ Түркия Республикасынын мамлекеттик жана улуттук бүтүндүгүн, ынтымагын, көз карандысыздыгын бузгусу келген ким болсо дагы арам оюун ишке ашыра албайт деген оюн билдирди: «Сиздерге 3 жылдан бери эмне себептен бул окуяга туш болгонубузду түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу сиздер бир аздан кийин “Network» фильминен көрөсүздөр.
Душмандардын артында ким болбосун, Түркия Республикасы динди колдонууга жана башка мамлекеттердин аларды колдонуусуна жол бербейт. Бул иш бүтө элек, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун биз аягына чыгарабыз. Муну бүгүн гана эмес, ар дайым айтууну улантабыз».
Иш-чаранын соңунда ФЕТО - “Фетхуллах Гулен террористтик уюму” тууралуу «The Network» деген аталыштагы даректүү тасма кѳрсѳтүлдү.


http://mediamanas.kg/lang-tr/3279-manasta-demokrasi-ve-milli-birlik-gn.html