Кабар жана жарыялар

2019-2020-окуу жылы үчүн  окутуучуларды кабыл алуу жөнүндө кулактандыруусу

 

 

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН

2019-2020-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН  ОКУТУУЧУЛАРДЫ

КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ

 Факультет

 Бөлүм/Программа

 Кызмат орду

 Талаптар

 Саны

 Чет тилдер жогорку мектеби

 Тил үйрөтүү бөлүмү

 Окутуучу (орус тили)

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;

Университеттердин орус тили жана адабияты, орус тили жана адабияты окутуучусу бөлүмдөрүн бүтүрүшү керек. Бакалавриатты бүтүргөндөр 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу керек, Тармагы боюнча магистратураны бүтүргөндөргө иш тажрыйбага ээ болуу талабы коюлбайт. Чет тил билүү талабы коюлбайт.

 2

 Окутуучу (кытай тили)

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;

Университеттердин кытай тили жана синология бөлүмөрүн бүтүрүшү керек, Чет элдиктерге кытай тилин үйрөтүү боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу керек. Тармагы боюнча магистратураны бүтүргөндөргө иш тажрыйбага ээ болуу талабы коюлбайт. Чет тил билүү талабы коюлбайт.

 1

 

Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (20 август-03 сентябрь, 2019) КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.

Талап кылынган документтер:

Окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз*, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), өздүк баракча, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.

Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчасы, ректораттын имараты, кадрлар башкармалыгы (112-каб.)

Электрондук дарек :  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. (арызды бул электрондук дарекке жиберсеңиз болот).

Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35

Эскертүү: Талапкерлердин документтери "КТМУга ишке алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (http://manas.edu.kg/index.php/tr/ktmu-emevzuat)  негизинде каралат.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                             

* Арыздын үлгүсүн (http://manas.edu.kg/index.php/dokumanlar) дарегинен алсаңыз болот.