Кабар жана жарыялар

Профессор Тинатин Дөөлөткелдиева мамлекеттик сыйлыкка татыды

 

 

КТМУнун окутуучулары Кыргызстанга салымын кошууну улантууда.

 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Айыл чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын башчысы, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева мамлекеттик сыйлыкка татыды.

Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 29-август 2019-жылдагы жарлыгы менен профессор Тинатин Дөөлөткелдиевага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылды.

Аталган сыйлык менен профессор Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланды.

КТМУнун 2019-2020-окуу жылынын алгачкы окумуштуулар кеңешинин жыйынында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана жалпы окуу жайдын жамааты сыйлык ээсин куттукташты.

Ал эми сыйлык ээси, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева Медиа Манаска берген маегинде айыл чарба тармагында жаңылык жараткан өзүнө таандык 250 эмгеги жана 10 го чукул автордук патенти бар экенин баса белгилеп, өз кесибин аябай жакшы көрүп, талыкпаган изденүүсүнүн натыйжасы менен ушундай ийгиликке жетип олтурганын айтты.

 

MEDIAMANAS

http://mediamanas.kg/lang-ky/3287-prof-dltkeldiyeva-devlet-madalyas-ald.html