Кабар жана жарыялар

Кайсери университети менен кызматташуу келишими түзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» жана Кайсери университети ортосунда ѳз ара кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы жана Кайсери университетинин ректору, профессор Куртулуш Карамустафа кол коюшту.

 Келишимдин максаты - окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, илимий, маданий тармактарда кызматташтыкты бекемдѳѳ. Ошондой эле кызматташтыктын алкагында илимий, спорттук, маданий иш-чаралар уюштурулуп, академиялык жаатта кызматташуу ишке ашырылат. 

Медиа Манас