Кабар жана жарыялар

Анадолу мектеби Айтматовдун мекенинде

Анадолу мектебинин окуучулары Чыңгыз Айтматовду эскеришти.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Анадолу мектеби менен биргеликте Ч.Айтматовдун элесине жана анын чыгармачылыгына арналган иш-чара өткөрдү.

Иш-чарада “Маданият көпүрөсү” долбоорунун алкагында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин окуучулары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу баяндама жасашты.

Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри жана Анадолу мектебинин жетекчиси, профессор Сами Гүчлүнүн жетекчилиги астында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин окуучулары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, Кыргызстандагы белгилүү Айтматов таануучулар, атактуу жазуучулар менен жолугушту.

Анадолу мектеби 2012-жылы адабий окуу иштерин Түркиянын Сакарья шаарында баштап, учурда 30га жакын аймакка тарады жана ага катышкан окуучулардын саны 3000ге жакын. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Түркиянын ар кыл шаарларында көптөгөн адабий окуулар уюштурулуп, бул иш-чараларга 600дөн ашык студент катышкан.

            Иш-чара 2019-жылдын 11-сентябрында КТМУнун конференция залында ѳтүп, ага Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри, Анадолу мектебинин башысы, профессор Сами Гүчлүнүн жетекчилиги алдында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин окуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Камил Фырат Женгиз, жазуучунун бир тууган карындашы, коомдук ишмер Розетта Айтматова, уулу Элдар Айтматов, академик Абдылдажан Акматалиев, Айтматов таануучу, окумуштуу Лайли Үкүбаева, КТМУнун Түркология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, өлкөдөгү белгилүү адабиятчылар жана медиа ѳкүлдѳрү катышты. 

Алгы сөз КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы менен биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаевге ыйгарылды. Университет жетекчилери ѳз сѳзүндѳ “Маданият көпүрөсү” долбоорунун алкагында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин окуучулары кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун туулуп-ѳскѳн жерин кѳрүп, чыгармаларын таанып билүүсү эң чоң жетишкендик экенин белгилеп, Түрк дүйнѳсүнүн улуу инсандарынын чыгармаларын таанытуу биздин милдет, ал эми аларды кийинки муундарга жеткирүү азыркы жаштардын милдети деп окуучуларга ыраазычылык билдиришти.

5 кишиден турган семинардын катышуучулары сахнага чыгып алгач өздөрүн тааныштырып, оболу "Маданият көпүрөсү" долбоорунун алкагында Кыргызстанга келишкенин, Айтматовдун кичи мекенине чейин барып кайтышканын, эл-жер көрүп катуу таасир алышканын айтышып, жазуучунун бейнеси жана чыгармачылыгы тууралуу даярдашкан докладдарын окушту. Өзгөчө Вандагы кыргыздардын арасынан келген, ошол жакта туулуп өсүп ата журтун Айтматовдун аркасы менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алган Бүшра Гүрожак аттуу кыздын баяны көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабеков сѳз сүйлѳдү: 

"Азыркы күндө күчтүү мамлекеттер кантип өнүгүп жатканын сиздер билесиздер. Тектеш түрк тилдүү калктардын балдары баарыбыз иште, пикирде, кыймылда болсок чоң жеңиштерге, ийгиликтерге жетебиз. Бүгүнкү Айтматов тууралуу өтүп жаткан семинар мына ошол биримдиктин үлгүсү деп ойлойм. Чыңгыз Айтматов тууралуу азыр кандай терең маалыматтар берилди. 85 млн. калкы бар түрк эли Ч.Айтматовду биздин атабыз деп жатканына биз сүйүнүшүбүз керек, бактылуу болушубуз керек. Демек Айтматов 6 млн. кыргыздын эмес, дүйнөдөгү 350 млн. эли бар түрк тилдүү калктардын жазуучусу деп айтсак жаңылбайбыз. Бул биримдик эмей эмне?", - деген өңүттөгү өтө таасирдүү сөздөрүн айтып өттү. 

"Өзгөчө түрк туугандарга рахматымды айтам. Себеби Чыңгыз Төрөкулович тирүү кезинде да, көзү өткөн соң дагы эң татыктуу сыйды мына сиздер көрсөтүп жатасыздар" - деп баштады өз сөзүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

"Айтматов атабыздын көзү өтүп кетсе дагы артында чоң мурас калды. Анын чыгармаларынын эң негизги кирпичи - бул адам. Адам чөйрөсү, адам - табиятта, адам - дүйнөдө, адам - үй бүлөдө, адам - согушта, адам - космосто кандай болушу керек, эмнелер менен жашаш керек, ошонун кайгысы, кубанычы, бардыгын бизге мурас катары калтырып кетти. Дүйнөнү баланста кармап туруш керек десек анда залкардын мурасын дүйнөгө таратканга аракет жасайлы",- деп улантып ушул иш чарага балдардын көзүн ачып, жетекчилик кылып алып келип олтурган Сами Гүчлүгө ыраазычылыгын билдирди. 

Ал эми Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри, Анадолу мектебинин башысы, профессор Сами Гүчлү башкаларга салыштырмалуу кыска сүйлөп өттү. "Адам баласы кааласа колунан келбеген иш жок. Биз бул жакка абдан зор каалоо менен келдик. Ушундай күнүбүздү даражаландырып, убактысын бөлүп келген Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикерине, Маданият министрине чоң рахматымды айтам. Чыңгыз Айтматов сыяктуу Түрк дүйнөсүнө өз ысымын калтырып кеткен Мевлананын "Месневи" чыгармасынын кыргызча басылышын ала келдик эле, ошону сиздерге тартуулап коюуга уруксат этиңиздер", - деп белектерин сыйлуу конокторго ыйгарганга жетишти. 

Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы, профессор Розетта Айтматова, ТРнын Кыргызстандагы элчиси, маданият өкүлү доцент Нури Шимшеклер, жазуучу Самсак Станалиев да жаштар тарабынан уюштурулган бул маанилүү иш-чарага ыраазычылыгын билдиришти.

Медиа Манас бирикмеси катары биздин эмгек жамаат дагы аталган иш-чараны өз кезегинде фейсбукдагы баракчасына түз алып бергенге аракет жасады. Кененирээк көрүү үчүн https://www.facebook.com/mediamanaskg/ же https://www.youtube.com/channel/UCcgmUDUvqzsHZ64G5F7I3DA шилтемелерине кирсеңиздер болот. 

Эки өлкө ортосундагы "Маданият көпүрөсү" долбоорунун иш аракеттери 13-сентябрга чейин уланмакчы.

Медиа Манас