Кабар жана жарыялар

"Байконур" кинофестивалынан эң мыкты тасма сыйлыгы

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети Эл аралык  "Байконур" кинофестивалында «Эң мыкты кыска метраждуу тасма» сыйлыгын жеңип алды.

Үстүбүздѳгү жылдын 4-8-сентябрь күндѳрү Казакстандын Алматы шаарында ѳткѳн IV Эл аралык "Байконур" кинофестивалында Караш Жанышовдун «Кош бол» аттуу фильми «Эң мыкты кыска метраждуу тасма» сыйлыгына татыды.

Ошондой эле тасмада роль жараткан Даниель Курманалиев менен Саламат Нурмаматов да «Эң мыкты актер» деген номинацияга ээ болушту.

Медиа Манас