Кабар жана жарыялар

Коммуникациянын кино куржуну 2 сыйлыкка толукталды

КТМУнун коммуникация факультетинин студенттери сыйлыкка ээ болушту.

IV Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенти Айдана Топчубаева "Аяна" аттуу фильми менен 1-орунду алды. Кыргыз тасмасы эми фестивалдын алкагында Түркиянын 9 шаарында, аны менен катар 9 өлкөдө көрсөтүлмөкчү.  

Быйыл аталган фестивалда түрк тилдүү өлкөлөрдөн 150дөн ашык тасма ат салышкан. Даректүү тасмалар профессионалдар жана студенттер категориясында калыстар тобунун сынынан өткөн. «Аяна» тасмасы студенттер категориясы боюнча жеңишке озуп чыккан.

Аталган тасмада улакчы болууну кыялданган кичинекей кыздын күнүмдүк турмушу чагылдырылган. А.Топчубаева бул тасмасын дипломдук иш катары филология илимдеринин кандидаты Г.Станалиеванын көркөм жетекчилиги астында тарткан.   

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалы Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Ошондой эле Беларуссиянын Минск шаарында 30-сентябрь жана 4-октябрь күндѳрү ѳткѳн «Евразия.DOC-2019» IV КМШ ѳлкѳлѳрүнүн даректүү тасмалар кинофестивалында коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү Асель Сыдыкованын «Айыл үнү» тасмасы “Калыстар тобунун атайын сыйлыгына” ээ болду.

Фестивалда аталган факультеттин ага окутуучу С. Мамбеталиев ѳкүлчүлүк кылды.

Медиа Манас