Кабар жана жарыялар

Элчи жаңы келген окутуучулар менен таанышты

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 2019-2020-окуу жылында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине Түркиядан жаңы келген  окутуучулар менен жолугушуу жыйынын ѳткѳрдү.

Жыйын үстүбүздѳгү жылдын 4-октябрында ѳтүп, анда элчи мырза мындай деп сүйлѳдү: "Баарыңыздарга, Ата журтубузга кош келдиңиздер деп айтмакчымын. Сиздер билгендей Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки ѳлкѳ ортосунда түзүлгѳн мамлекеттик университет болуп саналат. Сиздер менен жолугушуп олтурганыма абдан кубанычтамын, Сиздер Түркиянын жүзүсүздѳр, ѳзүңүздѳр менен бирге Түркия Республикасын таанытасыздар. Биз элчи катары университеттин ар кандай иш-чараларына келип турабыз, сиздер менен таанышып, ар бириңиздердин суроолоруңузга жооп бергим келди», -деди.

Андан кийин университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев КТМУ курулгандан берки мезгил ичинде Түркиядан келген окутуучулардын статистикасы тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда окутуучулар ѳздѳрүн тааныштырып,  элчиге суроолорун беришти.

Медиа Манас

Сиздер ѳлкѳнүн жүзүсүздѳр