Кабар жана жарыялар

КТМУ менен СТЖБ (ÖSYM) ортосунда келишим жаңыланды

Түркия Республикасынын Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун башчысы, профессор Халис Айгүн баштаган делегация мүчѳлѳрү КТМУга келишти. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу түзүлгѳн кызматташуу келишими жаңыланды.

Жолугушуу үстүбүздѳгү жылдын 10-октябрында ректоратта ѳтүп, ага университет жетекчилери, Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун ѳкүлдѳрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2013-жылдын 12-майында КТМУ менен СТЖБ ортосундагы түзүлгѳн келишимди жаңылоо жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү туурасында сөз болду.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы конокторго кайрылуу сөзүндө мындай деди:

«Университетибиз Кыргызстандагы жогорку билим берүүгө ар тараптан колдоо көрсөткөн алдыңкы окуу жай. Орто Азияда жана Түрк дүйнөсүндө кызматташтыктарды жүргүзүүдө. Бул жаатта Студент тандоо жана жайгаштаруу борбору (ÖSYM) менен көп жылдан бери кызматташып келебиз. Сиздин иш сапарыңыз чоң мааниге ээ. «Манас» университети ТР Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору менен активдүү иштерди аткарат деген ишеничтебиз. Бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү натыйжаларга жеттик. ÖSYM төрагасына жана борбордун жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Жасаган иштериңиздерден улам бул аймакта жашагандар Түркия тарабынан маани берилип жаткандыгын сезишет. Бул чөлкөмдөгү боордошторубуздун Түркия менен болгон мамилелеринде КТМУ ТР Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору менен кызматташуу жүргүзүп аларга колдоо көрсөтүүдө. Муну мындан ары да өнүктүрүү пайдалуу экендигин айткым келет».

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: «Түркиядагы түрдүү уюмдардын өкүлдөрү университетке иш сапары менен келип турушат. Бул иш сапарлар Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу. Түркия Республикасынын Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун төрагасынын келгендиги өзгөчө мааниге ээ. Себеби Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында акыркы 10 жылда олуттуу реформалар жасалды. Билимдүү окуучулар университетке кабыл алынышы керек. Бул жаатта Түркиянын тажрыйбасы биз үчүн баалуу. СТЖБ тажрыйбасы окуу жайда жүргүзүлүүдө. Тактап айтсак бул система КТМУ аркылуу сыноодон өттү. Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашыруу сунушталуусу мүмкүн. Билим берүү министрлиги менен жолугушууда бул маселе каралат деп ойлойм. Биздин тажрыйба Түркиянын тандоо жана жайгаштыруу системасы Кыргызстанда да ишке аша турган, жакшы натыйжа бере тургандыгын көрсөтүүдө»,-деди.

Профессор Халис Айгүн: «Ата журтубузга, Теңир Тоонун этегинде дос жана боордош өлкө Кыргызстанга келгениме абдан кубанычтамын. Заманбап кампусту жана эки мамлекеттин орток университетинин жетишкендиктерин көрүп сыймыктанып жатам. Бул жерде кайрадан сынак өткөрүү ниетибиз бар. Иш сапардын максаты да ошол. Өлкөбүзгө баргандан кийин тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзөбүз»,-деп билдирди.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин келишимге кол коюлду жана университеттин жетекчилери конокторго окуу жайдын атынан чакан белек тапшырды.

Жолугушуудан кийин делегеция мүчѳлѳрү университетти кыдырып кѳрүштү жана СТЖ борборунун башчысы Халис Айгүн Манас фм радиосунун түз эфиринде конок болуп, Студент тандоо жана жайгаштаруу борбору менен КТМУ ортосунда түзүлгѳн кызматташуу тууралуу айтып берди.

 

Медиа Манас

 

http://mediamanas.kg/lang-tr/3329-sym-bakan-ktmy-ziyaret-etti.html