Кабар жана жарыялар

Профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиум ѳтүүдѳ

Кыргыз-Түрк «Манас» университети «2019-жыл - Фуат Сезгинди эскерүү жылы» иш-чараларынын алкагында «Эл аралык Орто Азия аалымдарынын дүйнө илимине кошкон салымы» деген аталышта эл аралык симпозиум ѳткѳрүүдѳ.

Симпозиумдун ачылышы үстүбүздѳгү жылдын 18-19-октябрь күндѳрү Ош мамлекеттик университетинде болуп өттү.

Аталган симпозиум КТМУ, ТРнын Маданият жана туризм министрлиги, ТИКА, ОшМУ, профессор Фуат Сезгин атындагы Ислам илиминин тарыхын изилдөө фонду, Кырыккале университети, Борбор Азиядагы университеттер ассоциациясынын кызматташтыгы менен бирге уюштурулуп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, Түркия Парламентинин депутаты Хабибе Өчал, уюштуруучу уюмдун өкүлдөрү, окутуучулар, изилдөөчүлөр жана медиа ѳкүлдѳрү катышууда.

Бул илимий иш-чарада Орто Азия аалымдарынын дүйнө маданиятына, илим-билимине, технологияга кошкон салымы жана тийгизген таасиринин негизинде “Мавераннахр жана Орто Азияда түзүлгөн тарыхый билим жана маданий борборлордун дүйнө илимине жана тарыхына кошкон салымы”, “Орто Азия аалымдарынын эмгектерине баа берүү”, “Орто Азиядагы Түрк Ислам аалымдары ойлоп тапкан техникалык куралдар” жана “Орто Азияда илим тарыхына” байланыштуу маселелер каралып, талкууланмакчы.

КТМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев бул иш-чаралар боюнча маалымат берип, симпозиумга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан белгилүү илимпоздор катыша тургандыгын айтты.

Медиа Манас