Кабар жана жарыялар

Кыргызстанда Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары кѳрсѳтүлдү

“9 өлкө, 9 шаар, бир фестиваль”.

2019-жылдын 21-октябрында коммуникация факультетинде Эл аралык  Дүйнө журналисттер федерациясынын колдоосу менен Стамбул шаарында тѳртүнчү жолу “9 өлкө, 9 шаар, бир фестиваль” урааны менен өткөн "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар" фестивалында байгеге ээ болгон тасмалар кѳрсѳтүлдү.

Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КР ЖК депутаты Садык Шер-Нияз, Дүйнө журналисттер федерациясынын башчысы Мендерес Демир, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, Кыргыз кинематография департаментинин, ММКнын медиа өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Иш-чараны алгач университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы ачып, «Аяна» фильминин байгеге ээ болушу менен куттуктады: «Ааламдашуу заманында кино тармагы маанилүү тармакка ээ болууда. Биздин тамырыбыз, тарыхыбыз, динибиз, дилибиз бир жана жалпы адамзаттык баалуулуктар тууралуу көптөгөн окшоштуктарыбыз бар, ошол байланыштарды бекемдөө максатында Дүйнө журналисттер федерациясы маанилүү иштерди аткарып, Түрк дүйнөсүнүн байлыктарын таанытууда жакшы иштерди жасап келе жатат. Жаштарыбыз маданий баалуулуктарыбызды барктап жүрүүлѳрү керек. Бул жаатта биздин окуу жай улуттук баалуулуктарды, жалпы адамзаттык рухий дөөлөттөрдү өздөштүрүүгө, барктап-баалоого үйрөтүүчү иш-чараларга чоң маани берип келет», - деп байгеге ээ болгон студенттерди жана аларга колдоо кѳрсѳтүп, таалим берген мугалимдерди куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Ал эми Дүйнө журналисттер федерациясынын башчысы Мендерес Демир байгеге ээ болгон фильмдердин топтомун дүйнөгө таанытуу, даңазалоо максатын көздөп келе жатканын баса белгилеп: «Биздин максат таланттуу адамдардын чыгармаларын таанытуу, келечекте Түрк дүйнөсүнө өз салымыбызды кошобуз»,- деп айтып, Түрк дүйнѳсүнүн университеттерине колдоо кѳрсѳткѳндѳрү үчүн ыраазычылык билдирди.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов: «Киноиндустрия, коомдук аң-сезимдин дээрлик бардык тармактарын багындырып алууга жөндөмдүү. Ошондуктан кино - элдердин башын бириктирет деп бекеринен айтылбайт. Биз маданий иш-чараларды ѳткѳрүү менен түрк тилдүү ѳлкѳлѳр ортосунда бир туугандык мамилебизди жана ынтымагыбызды бекемдей алабыз. Министрлик мындай иштерге дем берүү менен колдоо кѳрсѳтүүгѳ ар дайым даяр», - деди.

ЖК депутаты Садык Шер-Нияз: «Мамлекетти сактап турган бул тил менен маданият. Бир кезде түрк элинин ичинен бүткүл дүйнөлүк илимге салымын кошкон мыкты инсандар чыккан. Алардын аты тарыхта калды. Түрк дүйнөсүнөн чыккан чыгармачыл адамдарды даңазалап, Стамбулда өткөн даректүү фильмдердин фестивалындай маданий иш-чараларды дагы көбүрөөк өткөрүшүбүз керек. Ал эми бүгүнкү күнү «Манас» университетинен таланттуу жаштар чыгып, кыргыз киносунун өнүгүшүнө өз салымын кошууда», -деди.

Андан кийин аталган кинофестивалда студенттер категориясында "Аяна" аттуу фильми менен 1-орунду алган коммуникация факультетинин студенти Айдана Топчубаева чыгып сүйлѳп, фильм тартууда колдоо кѳрсѳткѳн агай-эжелери менен курсташтарына ыраазычылыгын билдирди.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин сыйлыктар тапшырылып, фестивалда байгеге ээ болгон тасмалар көрсөтүлдү.

А.Топчубаева «Аяна» аттуу тасмасын дипломдук иш катары филология илимдеринин кандидаты Г.Станалиеванын көркөм жетекчилиги астында тарткан.    Тасмада улакчы болууну кыялданган кичинекей кыздын күнүмдүк турмушу чагылдырылган.

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалы Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл аталган фестивалда түрк тилдүү өлкөлөрдөн 150дөн ашык тасма ат салышкан. «Аяна» тасмасы студенттер категориясы боюнча жеңишке озуп чыккан. Кыргыз тасмасы эми фестивалдын алкагында Түркиянын 9 шаарында, аны менен катар 9 өлкөдө көрсөтүлмөкчү.  

 

Медиа Манас