Кабар жана жарыялар

Эл аралык симпозиум ѳз ишин ийгиликтүү аяктады

Кыргыз-Түрк «Манас» университети «Профессор Фуат Сезгинди эскерүү жылы» иш-чараларынын алкагында «Эл аралык Орто Азия аалымдарынын дүйнө илимине кошкон салымы» деген аталышта уюштурган эл аралык симпозиум соңуна чыкты.

Симпозиумдун ачылышы үстүбүздѳгү жылдын 18-19-октябрь күндѳрү Ош мамлекеттик университетинде өтүп, ага ректор, профессор Себахаттин Балжы, ОшМУ биринчи проректору Кудайберди Кожобеков, Түркия Парламентинин депутаты Хабибе Өчал, профессор Фуат Сезгин атындагы ислам илиминин тарыхын изилдөө фондунун өкүлү профессор Мустафа Качар, ТИКА Бишкек программасынын координатору Али Муслу, уюштуруучу уюмдардын өкүлдөрү, окутуучулар, изилдөөчүлөр жана медиа өкүлдөрү катышты.

Аталган симпозиум КТМУ, ТРнын Маданият жана туризм министрлиги, ТИКА, ОшМУ, профессор Фуат Сезгин атындагы Ислам илиминин тарыхын изилдөө фонду, Кырыккале университети, Борбор Азиядагы университеттер ассоциациясынын кызматташтыгы менен бирге уюштурулду.

КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы ачылыш сөзүндө мындай деди: « Ислам дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин таанытууга жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн зор эмгек жасаган илимпоз Фуат Сезгин 94 жылдык ѳмүрүн илимге арнап, жасаган иши менен ѳрнѳк боло алды. Биздин унутулуп калган тарыхыбызды изилдеп, башыбызды бийик кѳтѳрүп жүрүүнү камсыз кылды. Ал илим Батыштан эмес, Чыгыштан тарап, чыныгы аалымдар Чыгыш маданиятынын өкүлдөрү болгонун далилдеп, кѳптѳгѳн эмгектерди жазды. Биз ал инсанга чексиз ыраазыбыз, биздин милдет анын ишин улантуу болуп саналат».

Түркия Парламентинин депутаты Хабибе Өчал: «Фуат Сезгин агайга Түрк дүйнөсүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана аны терең урматтоо менен эскеребиз. Залда олтурган жаштардан толкундоону байкадым. Буюрса, ушул толкундооңор илимге жетелейт, келечекте дүйнөнү өзгөрткөн илимпоз болосуңар деп ишенем. Биздин тамырыбыз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бир жана аны менен ар дайым сыймыктанабыз»,-деди.

Профессер Мустафа Качар: «Белгилүү түрк окумуштуусу, профессор Фуат Сезгин ѳзүнүн 17 томдук "Ислам илиминин тарыхы" аттуу эмгегинде Ислам ааламынын илимий жетишкендиктерин иликтеп, аны далилдеп кѳрсѳткѳн. Ал ислам дүйнөсүнүн илимий ачылыштарын жөн гана дымактуу сөздөрү менен эмес, терең изилдөөлөрүнүн негизинде табылган факты-жүйөлөргө таянып далилдеп берген. Фуат Сезгин мусулмандардын табылгалары дүйнөлүк ачылыштардын пайдубалын түзүп берген деген пикирди карманган. Стамбулда анын Ислам, илим жана техника музейи ачылган. Бул музей жалпы Ислам жана Түрк дүйнөсүнө белек болуп калды”, -деди.

ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу: «Дүйнөдө, ар кайсы өлкөдө профессор Фуат Сезгинди эскерүү жылына арналып көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. Бирок, Орто Азияда анын ичинде Кыргызстанда өткөрүлүп жатканы терең мааниге ээ. Себеби, маркум агайдын илимге байланыштуу өзгөчө табигый так, медицина илимдериндеги фактыларды Батыш маданияты кабыл алды»,-деп билдирди.

Ош Мамлекеттик университетинин биринчи проректору Кудайберди Кожобеков: «Симпозиумдун жемиштүү болушун каалайм. КТМУ жана ОшМУ биргеликте уюштуруп жатканы бизди абдан кубандырат. Урматтуу Себахаттин Балжы мырза менен мындан кийин дагы ушундай илимий иш-чараларды бирге уюштуруу, окутуучу жана студент алмашуу программалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Окуу жайлар ортосундагы кызматташтык эки өлкөнүн мамилелеринин бекемделишине салым кошот деп ишенем»,-деп айтты.

Бул илимий иш-чарада Орто Азия аалымдарынын дүйнө маданиятына, илим-билимине, технологияга кошкон салымы жана тийгизген таасиринин негизинде “Мавераннахр жана Орто Азияда түзүлгөн тарыхый билим жана маданий борборлордун дүйнө илимине жана тарыхына кошкон салымы”, “Орто Азия аалымдарынын эмгектерине баа берүү”, “Орто Азиядагы Түрк Ислам аалымдары ойлоп тапкан техникалык куралдар” жана “Орто Азияда илим тарыхына” байланыштуу маселелер каралып, талкууланды.

Медиа Манас