Кабар жана жарыялар

Эл өкүлү студенттер менен жолукту

КТМУнун студенттери Түркия Республикасынын Жогорку улуттук парламентинин депутаты жана парламенттин билим берүү, маданият, жаштар жана спорт комиссиясынын мүчөсү Хабибе Өчал менен жолугушту. Эл ѳкүлү жаш студенттерге ѳзүнүн иш тажрыйбасы менен бѳлүшүп, «Учурдагы жаштар жана алардын билими: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер» деген темада лекция ѳттү.

Жолугушуу үстүбүздѳгү жылдын 21-октябрында гуманитардык факультетинин социология бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага университет жетекчилери да катышты.

Семинардын соңунда студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, мындай жолугушуулар аларга чоң мотивация берээрин белгилешти. Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас